Menu

Казакстандын авиакомпаниялары ЕБдин кара тизмесинен чыкты

Бөлүшүү:

Европалык комиссия казакстандык авиакомпанияларды Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу бейшембиде Казакстандын жарандык авиация комитети билдирди.

ЕБдин кара тизмеси биримдиктин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо максатында Европа комиссиясы тарабынан түзүлөт. 8-декабрга чейин ал тизмеде Казакстандын «Эйр Астанасынан» башка бардык авиакомпаниялары бар болгон. Казак компаниялары эл аралык стандарттарга жооп бербеген авиаташуучулардын тизмеси жаңылангандан кийин чыгарылды.

Еврокомиссиянын билдирүүсүнө караганда, тизмени жаңылоо тууралуу чечим учуулардын коопсуздугу тууралуу Европа комиссиясынын 22-24-ноябрдагы жыйынына катышкан эксперттердин тыянагынын негизинде кабыл алынган.

Казакстандык авиакомпаниялар Еврокомиссиянын кара тизмесине алгачкы жолу 2009-жылы киргизиле баштаган. 2014-жылдын декабрында комиссия «Эйр Астанадан» башка казакстандык бардык авиакомпаниялардын Европанын аба мейкиндигинен учуусуна тыюу салган.

Өлкөнүн жарандык авиация комитетинин билдирүүсүнө ылайык, Казакстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) «стандарттарынын киргизилгенин ырастады».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: