Menu

Кадыров: Чечен аскерлери Сириядагы “жин-шайтандарга” каршы күрөшүүгө даяр

Бөлүшүү:

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун айтымында, эгер Кремль талап кылса, республиканын аскерлери Сириядагы “жин-шайтандарга” каршы күрөшсө бактылуу болмок. Бул тууралуу Кадыров орусиялык авиабазыны коргоо үчүн эки чечен атайын батальонун Сирияга жөнөтүүгө даярдык көрүлүп жатканы туурасындагы маселеге комментарий берип жатып билдирди.

Кадыров атайын батальонду жөнөтүү боюнча маалыматты тастыктаган жок. Бирок Instagram социалдык түйүнүндөгү аккаунтунда чечен аскерлери Сирияга жөнөтүлсө, кубанычта болмок экенин билдирди. “Мен Орусия президенти Владимир Путиндин буйругу менен токтоосуз түрдө Сирияга барып, “жин-шайтандарга” каршы күрөшсөм, сыймыктанмакмын жана бактылуу болмокмун.”,-деп жазган Кадыров.

Ал душманды өз түнөгүндө жок кылуу керектигин кошумчалаган. Орусия президент Башар Асаддын режимине колдоо көрсөтүү үчүн 2015-жылдын сентябрынан бери Сирияга аба чабуулдарын жасап келет. Алардын жардамы менен өкмөттүк аскерлер илгерилеп, Сириянын эң чоң шаарларынын бири Алеппонун басымдуу бөлүгүн өз карамагына алды.

Кадыров өзүн жана аскерлерин “Путиндин жоокерлери” деп атаган жайы бар. Буга чейин ал мамлекеттик телеканалда маалымат алуу максатында “өз адамдарын” “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууга Сирияга жөнөткөнүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: