Президенттин аппаратында иштеген эки кызматкер самолетто билеттин акчасын төлөбөй ызы-чуу кылышыптыр Оштон Бишкекке келе жатышып. Жөнөкөй жарандарды көзгө илбей сөгүнүп-сагынып ит эле болушуптур. Өзүнөн улуу кишиге аз жерден кол көтөрүп коё жаздашыптыр. Мындай чектен чыккан чечектерди аппарат башчы Фарид Ниязов тартипке чакырып койбойбу. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» болуп жатпайбы. Бийликке таянган маңкурттарды кантип төпөштөйбүз ыя? Жогорудагы чоң муштумдардын аты-жөндөрүн тактап жатабыз. Гезиттин келерки санында жарыкка чыгат. Ал кызматкерлерге кылмыш иштери да козголгон экен угушубузда, бирок таянган тоосу бар немелер го сыягы…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ