Menu

Бүгүн таажывирус табылган Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын 2 тургуну 12-мартта Бириккен араб эмираттарынан учуп келишкен

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин таажывируска каршы күрөшүү боюнча штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов өкмөттүк брифингде өлкөдө дагы 26 адамдан таажывирус табылганын билдирип, эми Кыргызстанда мындай бейтаптардын саны 84кө жеткенин белгиледи.

29-мартта табылган 26 бейтаптын ичинен 2 адам Чүй облусунун тургундары экени айтылган. Алар Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жашаган ата-бала болуп чыкты. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ата-бала 12-мартта Бириккен араб эмираттарынан Бишкекке учуп келип, “Манас” аэропортунда тепловизор менен текшерилип, таажывирустун эч кандай симптомдору жок болгондуктан үйлөрүнө коё берилген. Ошол күндөн баштап алар үй карантинин эрежелери боюнча врачтардын көзөмөлүндө болгон. Эки жолу анализ алынып, экинчи анализдин жыйынтыгы кечээ, 28-мартта ата-баланын экөөсү тең таажывирус жуктуруп алганын тастыктаган. Азыр алардын бүт үй-бүлө мүчөлөрү карантинге алынды. Көк-Жар айылына көзөмөл күчөтүлдү.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: