Кечээ, 29-июлда саат 15.30. чамасында Тажикстандын Дангар районунда Daewoo Leganza үлгүсүндөгү унаа Тажикстанды велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтер тобун сүздүрүп кеткен. Андан Нидерланды менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон. Бул тууралу бүгүн, 30-июлда Тажик Республикасынын Ички иштер министри Рамазон Рахимов маалымат жыйынында билдирди.
Чет элдик тууристтерди сүздүргөн унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү унаадан чыгып, жаракат алып жерде жаткан чет элдик туристтерди бычактап туруп качып кетишкенин күбөлөр көрүп калган.
Бул кылмыш боюнча түзүлгөн милициянын ыкчам-иликтөө тобу Дангар районундагы Лохур жааматынын Торбулак айылынан кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операция өткөргөн учурда Абдусамадов Х. аттуу жаран кармалып, анын жанындагы эки адам каршылык көрсөткөндүгү үчүн турган жеринен атылып салынган.
Кармалган Душанбелик Абдусамадов Х. аттуу жарандын көрсөтмөсү менен бүгүн, 30-июлда бул кылмышка тиешелүү дагы эки Кулябдык, бир Жайкундук киши кармалды.
“Ахрор” сайтынан кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ