Menu

Текебаевдин сотунда депутат менен соттун ортосунда ызы-чуу чыгып, Текебаевди сот залынан алып чыгып кетишти

Бөлүшүү:

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 27-июлда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун соту  уланды.

Сотко депутаттын 3 адвокаты келишкен жок. Ал себептен судья Эрнис уулу Айбек мамлекеттик адвокатты чакырууну буйруду.

Ага Текебаев нааразычылыгын билдирип: “Менин 5 айдан бери иштеп келе жаткан адвокаттарым бар. Алар бул ишти менден да кыйын билишет. Ооруп калганына байланыштуу сиз мамлекеттик адвокатты берип, менин конституциялык укугумду буза албайсыңар” – деп билдирди.

“Менин адвокаттарым жакшы болушат, анан алар келишет, ошондо гана улантабыз” – деди депутат.

Ал эми мамлекеттик адвокат Элмира Чоноева болсо кечээ, 26-июлда саат түнкү 23:00 гө чейин сотто отуруп, 8 том кылмыш ишинин материалдары менен таанышканын айтты.

Прокурорлор сот ишин улантууну суранышты. Сот болсо “мурунку отурумда, эгерде депутаттын адвокаттары келбей кала турган болсо, ага мамлекеттик адвокат бөлүнөт деп эскерткенбиз” деп билдирди.

Ал эми Текебаев өз учурунда: “Мен “Конституциянын атасымын”, ушуну унутпаңыз. Жаңы мыйзам ойлоп таппагын” – деп жооп кайтарды.

Мындан улам сот депутатка тынчтаныңыз деп, отуруусун суранды. Ага Ө. Текебаев баш ийген жок. Сот кайра кайталаганда ал сөзүн уланта берди. Жыйынтыгында сот Текебаевди залдан чыгарууну өтүнүп, процессти ансыз өткөрүүнү чечти.

Текебаев менен бирге отурган Дүйшөнкул Чотонов жалгыз калгандыгына байланыштуу, мыйзамдын нормалары бузулуп жатат деген оюн билдирип, аны дагы чыгарып салууну өтүндү.

Андан соң адвокат Бакыт Джумашев процессти башка күнгө жылдырууну өтүндү. Себеби эки айыпталуучу тең жок. Ал өтүнүүгө прокурорлор дароо каршы чыгып, соттон макул болбоону суранышты. Сот прокурорлордун өтүнүчүн канааттандырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: