Menu

Казакстандык Nature журналынын рейтингине кирди

Бөлүшүү:

1869-жылдан бери Улуу Британияда чыгып келе жаткан белгилүү Nature илимий журналы илимдеги эң таасирдүү он адамдын тизмесин жарыялады.

Быйыл ага Казак Улуттук педагогикалык университетинин бүтүрүүчүсү Александра Элбакян да кирген. Маалыматтык технологиялар тармагы боюнча 28 жаштагы адис рейтингге пираттык деп эсептелген Sci-Hub интернет-долбоорунун түзүүчүсү катары илинди.

2011-жылдын сентябрында негизделген Sci-Hub өзүнүн «ондогон миллион илимий эмгектерге кирүү мүмкүндүгүн ачкан дүйнөдөгү алгачкы пираттык ресурс» экенин белгилеп келет. Учурда анын санариптик китепканасында 58 миллиондон ашык эмгек бар. 2016-жылы андагы макалалар 75 миллион (дүйнөдө жүктөлүп алынган илимий макалалардын 3 пайызы) жолу жүктөлүп алынган.

Голландиялык Elsevier компаниясынын доо арызынын негизинде 2015-жылы Sci-Hub долбооруна каршы кылмыш иши козголгон. Илимий журналдарды чыгаруу менен алектенген дүйнөдөгү төрт ири басылманын бири эсептелген Elsevier Sci-Hub порталын автордук укуктарды бузууга жана хакерликке айыптаган.

Эгер Александра Элбакян сотто утулуп калса, анда бир канча миллион доллар төлөп же камакка алынышы мүмкүн. Ошондуктан ал кайсыл жерде жашап жүргөндүгүн жашырып келет. Бир жыл мурда АКШда сот Sci-Hub сайтына бөгөт коюу чечимин чыгарган, бирок ал учурда башка домендик аталыш менен ишин улантууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: