Menu

Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат: “Айтурганга жардам берели!”

Бөлүшүү:

Адам баласынын жан дүйнөсү кейигенде эмне кылыш керек? Анда, жан дүйнөңдү ооруткан маселени кимдир бирөөгө айтышың керек? Ал маселе коомчулукка таандык болсочу?- анда коомчулукка ачык айт. Себеби, азыркы учурда кандай маселе болбосун коомчулук гана түшүнүп, коомчулук гана маселени чечүүгө аракет жасаган мезгил, бийлике баары бир… Кыргыз эли тентип кетсе да, жумушу жок ачка калса да, үшүсө да, жетим-жесирлер көз жашын төгүп турса да, ооруп, өлүм алдында жатса да…

Ошондуктан урматтуу коомчулук сиздерге кайрылууну туура көрдүм, себеби менин жан дүйнөмү бүгүн кейитип эле тим болбостон, өтө сыздаткан 9-класстын окуучусу Айтургандын айткан сөзү, жазган каты, о.э. анын жашоосу…

“Аалам” саясий партиябыздын мүчөсү Ооганов Кубат айтып калды Жылдыз эже, ФБ тан келинчегим, Айтурган деген кыздын жардам сурап кайрылганын окуп, жардам берип койсоңор дегенин. Мен макул баралы деп келсем, кичинекей кыз, апасы экөө батирде турушат экен, врачтардын туура эмес дарылагандарынын кесепетинен, инвалид болуп калган энесин ар кимдин кирин жууп, үйүн жыйнаштырып өзү карап багат экен. Бирок тапкан тыйыны апасынын даарысына да жетпейт. 4 айдын ичинде бир жолу эт жешкен эмес, жегендери нан, анан кайнатылган суу… Зээним кейиди, жан дүйнөм таарыды… бийлик төбөлдөрүнө ачуум келди… Тагдырдын татаалдыгына, врачтардын кетирген кечирилгис күнөөлөрүнө таарындым… Кыргыздын кайдыгер, таш боор болуп баратканына кадимкедей чочудум жана биринчи жолу корктум… Апасы Кочкордон шаарга күйөөсү каза болгондон кийин Айтурганды жетелеп келген экен. Айтургандын кийими жок, батирге, светке карыз. Апасынын дары дармегин айтып жатып, “мейли мен ачка болсом, кийимим жок болсо да, баарына чыдайм, апам тирүү болсо болду дейт”‘- көз жашын төксө жанында тура албайсын… Айтургандын, татынакай көздөрүндө балалыктын бактылуу күндөрүнүн бир да элеси жок… Башка сөз жаза албайм, буулугуп кеттим… Кайдыгер эмес бүт мекендештерими Айтурганга жардам берүүңүздөргө чакырам…

Айтургандын телефон номери 0559 35 34 42

Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: