Menu

Равшан Жээнбеков: “Бир күндө эле абал кескин өзгөрүп, Атамбаев 1 түндө импичмент аркылуу кызматтан кетип калышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

“Конституциябыздагы президентке импичмент  институту акырындап иштеп кетиши толук мүмкүн. Ал үчүн ыңгайлуу ситуция түзүлүп калса 1 эле күндө абал тез өзгөрүп, импичмент процесси башталып кетиши  ыктымал, – деп билдирди саясатчы Равшан Жээнбеков Сентябрь каналына.

“Мына, Түштүк Кореяда да мындан 3-4 ай мурун президент Пак Кын Хеге импичмент жарыяланат десе эч ким ишенбейт эле. Бир эле күндө абал өзгөрүп, бүгүн ал факт болуп калды. Бизде да бир эле күндө абал өзгөрүп кетиши мүмкүн.  Мисалы, оппозиция биригип, чоң күчкө айланып кетсе же эртең Атамбаев парламентти таратам деп чыкса ситуация бир эле күндө өзгөрөт. Мурунтан бийликке нааразы болуп келаткан күчтөрдүн баары биригип, президентке импичмент жарыялап жиберүүсү бул бир эле күндүн иши. Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе мамлекеттик иштерге курбусун аралаштырганы үчүн эле бир күндө импичмент маселеси көтөрүлдү да парламент аны кызматтан кетирди. Же болбосо Бразилиянын президенти Дил Русефти парламенти 2 жыл бою күрөшүп жатып, акыры импичмент менен кетирип салды. Ал эми биздин Кыргызстандай саясый-экономикалык терең кризиске батып турган мамлекетте мындай абал 1 түндө жаралып калышы мүмкүн. Атамбаев 1 түндө эле импичмент аркылуу кызматтан кетип калышы мүмкүн”, – деди Равшан Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: