Menu

Бүгүн карапайым калктын басымдуу бөлүгү эч кимге ишенбей калды

Бөлүшүү:

«…Эзелтеден чындык менен жалгандык катар жашап келатат. Эзелтеден алардын ортосунда кимибиз керектүүрөөк, пайдалуураак жана күчтүүрөөкпүз деген талаш бар. Жалгандык айтат-мен деп, чындык айтат-мен деп. Же талашы бүтпөйт.

Бир жолу алар дүйнө кезип адамдардан сурамак болушат… Далай жолдорду басышып, далай шаарларды, айылдарды кыдырып, акындарга, хандарга, сотторго, соодагерлерге кезигишип, карапайым калк арасында болушту. Жалгандык каерге барса, ошерде адамдар өзүн эркин, жеңил сезип жатты. Алар бирин-бири алдап жатса да көздөрүнө тике карашып, жылмаңдашты…

Чындык чыга келген жерде адамдар түнөрүп, бири-биринен көзүн ала качышып, жер тиктешти. Канжарга колдору жабышты ыза көргөндөр ызалаганга бетме-бет чыкты. Кардал соодагерди жакалады, карапайым калк ханга каршы чыкты…

Ошондуктан элдин көбү жалгандыкка кайрылды:

— Сен бизден кете көрбө. Бизге жакшы жолдош сен экенсиң. Сен барда бизге жашоо оңой да, жеңил да. А сен келдиң дегенче, ЧЫНДЫК, бизде тынчтык болбойт экен. Сен бар жерде ойлонуш керек экен, жан дүйнөң менен күйүш керек экен, азап тартып, күрөшүш керек экен. Сен үчүн жапжаш жоокерлерден, акындардан, рыцарлардан аз өлдүбү?

— Эми эмне дейсиң?-деди жалгандык чындыкка, көрдүңбү, сенден көрө мен керектүүрөөк да, пайдалуураак да экем. Канча үйлөрдөн өтпөдүк, бардык жерде сага эмес, мага салам берип жатышат.

— Аның ырас, биз тиричиликтин ыбырсыган далай жерлеринде болдук. Жүр эми бийикке чыгалы. Жүр, кашкайган муздак башаттардан, улуу тоолордо өскөн гүлдөрдөн, кылымдар бою жүзүнө бүдүр чаң түшпөгөн аппак мөңгүлөрдөн сурап көрөлү! Ал бийиктерде кылымдар түнөйт. Ал жерлерде баатырлардын, акындардын, акылмандардын, ыйык адамдардын өлбөс-өчпөс, адилет ак иштери, алардын ойлору, ырлары, осуяттары жашайт…

— Жок, мен аякка барбайм, — ​деди жалгандык.

— Эмне бийиктен коркосүңбу?..

— Жок мен бийигиңен коркпойм. Бирок, менин аерде кылар ишим жок. Анткени аякта адамдар жашабайт. Менин бийлигим төмөндө, адамдар жүргөн жерде. Мен алардын баарына бирдей өкүм жүргүзөм. Алардын баары мага баш иет. Кай бир жүрөгүндө жалыны барлар гана мага каршы чыгып, сенин жолуңа, чындык жолуна түшүп кетет. Бирок, андайлар бирин-серин.

— Ырас, бирин-серин. Бирок, мына ошол адамдар баатыр атка конушат…»

Расул Гамзатов,

“Менин Дагстаным”

Чындык менен жалгандык жөнүндө мына ушундай икая бар окурман. Аны Садасалык Гамзаттын уулу, улуу ойчул Расулдун баяндаганын өзүңүз жакшы билесиз. Кыргызда жакшы сөз бар: “Карысы бардын ырысы бар”-деп коёт. Бүгүн биз ошол ырысыбызды тээп жаткандай жүйө жаратып алдык. Ага калыс сөзүн айталбаган карылардын өзүлөрүнүн да күнөөсү бар болушу керек. Бирок, биз аксакалдарыбызды төргө өткөрүп сыйлап, алардын кареги менен тең айланып, урмат көрсөтүп турганыбызда, карыяларыбыз да калыстыктан таймак эмес. “Каада түгөп, ар түгөп” көрөңгөбүз бөксөрүп баратат.

Башка улуттан улуу-кичүү досторум көп, анын ичинен өзбек досторум оголе көп. Муса Жалил айткандай: “эгер чындап мени достой көрүшсө” алар туура түшүнүшөт. Мүмкүн “улутчул” деп көө жапкандар да чыгаар. Кандай болгон күндө да, мен өз оюмду айтам. Кыргызстан АКШ же РФ эмес. Ошондуктан, ар кыл расадан, түрдүү этностордон турган Америка Кошмо Штаты эмес, Биздин мамлекет, кыргыз улутунан түптөлгөн. Кыргыз Республикасы деп аталат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында да каада-салт, үрп-адатыбызды эске алып, кыргыз эли карысын урматтаган эл экенин далилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары жаңыдан шайланып келгенде, ЖоКе Төрагасы шайланганга чейин биринчи жыйынды (сессияны) парламенттин эң аксакал депутаты төрагалык кылып ачып берет, маанисинде жүйө айтып, Баш мыйзам кабыл алганбыз. Ал мыйзам биринчи чакырылыштан бери өз милдетин өтөп келе жатат.

Кыргызстанда бүгүн партиялардын туу башы болуп турган КСДП, Кыргыз Элинин ичинен кыргызга тутка боло турган бир кадырлуу аксакалды катарына кошуп, мандат алып берип төргө өткөрүп, КР ЖКнын 6-чакырылышынын 1-жыйынынын төрагалыгын ыйгара албаганы калпыстык эмей эмине? Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттары, чү деп ээрге отурганда эле кыйшык отуруп алган жокбу? Маселе ушунда. Бу көрүнүш, кат-каттап орден тагынган кадимки Шайлообек Дүйшеевдин “Кайдигерлик” деген ырынын каармандары өңдөнөт. “…Бир кемпир баткан жокбу?” демекчи, алты партия биригип, кыргыздан бир аксакал тапкан жокпу? А киши да 5–6 жылдан бери “Агындылар” менен аралашып, “Кайдигерлик” деп жер муштап ырдабай калды жарыктык…

Карысын урматтоо КСДПны “көйнөгүнөн тааныган” “Кыргызстан” партиясынын кыялына да келген жок сыягы. “Шайлоо учурунда “оппозиция терисин жамынган”, шайлоо бүткөн соң КСДПнын түлкү ичигине оронгон “Ата-Мекен” ЖоКеге кайра аман келгенине сүйүнүп жүрөт”-деген элдин сөзүндө чындык бар шөкүлдүү. “Республика” үчүн мандат баарынан маанилүү экени дайын болду. Партия өңү-Бабановдун өңүндөй болуп даана көрүнүп калды. Бу беш партиянын ар бир мүчөсүн, лидерин баш кылып кыргыздын кадырлуу бир аксакалына ойлонбой туруп алмаштырса болот эле. “Бир бол” партиясында гана чыныгы татыктуулар, мамлекет үчүн иштей турган мыкты инсандар бар… (Ал өзүнчө сөз болсун)

“…Эстүү болсо балдарың,

Эркелетет карыганын.

Эси жок болсо балдарың,

Эсептен чыгып калганың” деп Барпы апыз айткандай, эси жоктук менен аксакалдарыбызды эсептен чыгарып, карапайым букаралардын алдында уят болуп, бөтөн элге кеп болдук. Жалгандык каерге барса, ошерде адамдар өзүн эркин, жеңил сезип жатты. Алар бирин-бири алдап жатса да көздөрүнө тике карашып, жылмаңдашты… Шайлоо мына ушундай өңүттө өттү…

Чындык чыга келген жерде адамдар түнөрүп, бири-биринен көзүн ала качышып, жер тиктешти. Канжарга колдору жабышты, ыза көргөндөр ызалаганга бетме-бет чыкты. Кардал соодагерди жакалады, карапайым калк ханга каршы чыкты… Акыр аягы турмуш чындыгы мына ушуга кептелди. Бүгүн карапайым калктын басымдуу бөлүгү эч кимге ишенбей калды. Жер-жерлерде расмий бийликке болгон наразычылыктар күчөп, кырдаал курчуп баратат.

Маселен, Үсөн Сыдыковду парламентке алып келип, КР ЖКнын 6-чакырылышынын депутаттарынын 1-жыйынына убактылуу төрагалык милдетин өтөтүп, батасын алсак жаман болот белек? “Иран менен Ирактын” айырмасын билбеген 6-чакырылыштын кээбир аладөң депутаттарынын, “Иран десем туура болобу, же Ирак деп айтсам туура болобу…”-деп дөөрүп, коллегаларын таң калтырган жоруктары коомчулукта аңыз болуп айтылып жүрөт. Алар сүйлөп, эл уялып отурат…

Үсөн Сыдыков чыныгы кыргыздын мекенчил атуулу. Ал дайыма карапайым эл менен жуурулушуп иштеп, караламан элдин тилинде айтылган көйгөйүн дили менен кабылдап, дилиндеги муңун тили менен айтып, каруусун казык кылып канча доорду басып келди. Алгач, Базар-Коргон райкомпартиясынын 1-катчысы болгон 1970-жылдары Базар-Коргондун какыраган сайына бак өстүрүп, эл арасында “Ташка дарак өстүргөн райком”-деген тирүү уламышка айланганынын өзү, анын талыкпаган мээнеткеч, эрктүү жетекчилигин тастыктап турат.

Коомдук бурулуш мезгилиндеги 1990-жылкы “Ош окуясы” да Үсөн Сыдыковдун маңдайына жазылыптыр. СССР каруудан кайтып, 15 союздук республика каршы-терши, дал-далынан бөлүнүп, ыдырап бараткан учурда, улуттар аралык араздашууну өз учурунда токтотуп калууга да андагы Ош обкомпартиясынын 1-катчысы Үсөн Сыдыков зор салым кошконун, окуяга күбө болгон түштүк эли абдан жакшы билет. Анда кырдаал 2010-жылкы апааттан да алда канча курч болгон.

2005-жылы 24-марттагы элдик революциядан кийин, КРнын Президенттик администрациясынын башчысы болуп дайындалганда, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, мыйзам чегинде бекем тартипти орнотуп, абалды жөнгө салууда да Үсөн Сыдыков мыкты уюштуруучу экенин көрсөтө алды. “Жакшы адамдын теңтушу бар, теңи жок, ачуусу бар, кеги жок” дегендей, А. Акаевдин администрациясынын курамын толугу менен сактап калып, эч кимди куугунтукка албай, куйтулардын кутумдугуна жол бербей, “ордо оюндарына” азгырылбай таза иштеди. “Курманбек Бакиев Үсөн Сыдыковду КРнын Президенттик администрациясынын башчысы кызматынан бошоткондон кийин, Ак үйдө кутумдук (интрига) күчөп, оңдуу жумуш аткарылбай, ордо ушактын уюгуна айланды”- деп эл арасында айтылып жүргөн сөздүн да реалдуу чындыгы бар.

“… – Жок, мен аякка барбайм, — ​деди жалгандык.

— Эмне бийиктен коркосүңбу?..

— Жок мен бийигиңен коркпойм. Бирок, менин аерде кылар ишим жок. Анткени аякта адамдар жашабайт. Менин бийлигим төмөндө, адамдар жүргөн жерде. Мен алардын баарына бирдей өкүм жүргүзөм. Алардын баары мага баш иет. Кай бир жүрөгүндө жалыны барлар гана мага каршы чыгып, сенин жолуңа, чындык жолуна түшүп кетет. Бирок, андайлар бирин-серин.

— Ырас, бирин-серин. Бирок, мына ошол адамдар баатыр атка конушат…”

Жалгандыкка баш ийген көрпенделердин арасында жүрүүдөн тажап, жалгандыкка каршы чыгып, чындык жолуна түшүп, кылымдар түнөгөн, баатырлардын, акындардын, акылмандардын, ыйык адамдардын өлбөс-өчпөс, адилет ак иштери, алардын ойлору, ырлары, осуяттары жашаган бийиктикке, кашкайган муздак башаттардын, улуу тоолордо өскөн гүлдөрдүн, кылымдар бою жүзүнө бүдүр чаң түшпөгөн аппак мөңгүлөрдүн арасына чыгып кеткен Үсөн Сыдыковичтей кутман кары кыргызда бирин-серин кездешет.

Мына ушундай адамдар гана баатыр атка татыктуу. Эгерде, Бакай калпагын башына кийип алып, КР ЖКнын 6-чакырылышынын депутаттарынын алгачкы жыйынын Үсөн Сыдыков ачканда, Кыргыз коомчулугу чын дилден ыраазы болмок. Өз агабызды, өз үйүбүздө агалай албай, өзгөлөрдү сагалап уят болдук. Элдин уучу куру эмес эле, жакшылап карасак элди биримдикке, ынтымак, ыраашкерликке чакырып, 70 жылдан ашуун тажрыйбасы менен кеңеш берчүү, акылга дыйкан Үсөн Сыдыковдой кутман карыларыбыз көч башында жүрмөк. Ага маани берген, жөн билги лидер гана болгон жок…

“…Көгүш тоону кыян жууп,

Көрк бузулат сак болгун!

Көсөмдөрүң элди алдап,

Көч бузулат сак болгун!

Салкын тоону кыян жууп,

Салт бузулат сак болгун!

Каада түгөп, ар түгөп,

Калк бузулат сак болгун!..”-деп улуу ойчул Кет Бука ушуну айткан белем?!

Бахпурбек Аленов

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: