Кезегинде тунгуч президент Аскар Акаевдин басма сөз катчылыгын аркалап, кийин чоң саясатка канат күүлөгөн Кабай мырза кыргыз парламентинин үч чакырылышына депутат да болгон жайы бар. Учурда Россиядагы таасирлүү «Коммерсантъ» гезитинде эмгектенип, өлкөдөгү саясый процесстерге тереңден баам салып, баарын сыдыргыдан өткөрүп жүргөн кербези.
– Кабай мырза, адатта референдум өткөндөн көп өтпөй, парламентгин тарай турганы буга чейинки эки бийликтин доорунда тең далилденген. Жакында ал тарабынан «ийгиликтүү кабыл алынган» референдумдан соң, парламенттин тарай турганы боюнча кептер канчалык деңгээлде реалдуудеп ойлойсуз?
– Юридикалык көз караштан алганда, Конституцияны жаңы кабыл алгандан кийин ыйгарым укуктары өзгөргөн баардык бийлик бутактары өздөрүнүн легитимдүүлүгүн тактоосу керек. Бул президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөт башчысына да тиешелүү. Бирок, бизде саясый муктаждык мыйзамдуу муктаждыктан өйдө турат да. Андыктан, мен азыркы бийликтегилер жакынкы аралыкта мөөнөтүнөн мурда парламенттик же президенттик шайлоо уюштуруп, тобокелчиликке барышпайт деп ойлойм. Себеби, башкаруучу КСДПнын рейтинги төмөн. Президенттики да түшүп баратат…
-Кыргыз саясатчыларынын арасында президент Алмазбек Шаршеновичтин мураскери боюнча бир катар кептер күбүр-шыбыр болуп тарап жатат. Асыресе, Сооронбай Жээнбеков менен Аалы Карашевдин аттары көбүрөөк аталууда. Бул эки саясый ишмердин кимисинде мураскер болуу шансы көбүрөөк деп ойлойсуз?
-Муну эми Алмазбек Атамбаев чечет. Президент айталы, Сооронбай Жээнбековдун же Аалы Карашевдин жеке сапаттарына гана эмес, өлкөдөгү кырдаалга да баа бериши керек болот. Мында ошол учурда өлкөдөгү кырдаал кандай болоруна көп нерсе байланыштуу. Азырынча болсо, мага президент өзүнүн эң акыркы чечимин кабыл ала электей сезилет.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ