Жаңы жылдын алдында экс-премьер-министр Темир Сариев ММКларга маек берип, «Канат Исаев мага киши салып, өзү алдыма келди, мен кечирдим…» деген болчу. Муну окуган Кедейканович кедеринен кетип, ачууланып, «Сариевге мен антип барган эмесмин!» деп билдирди. Көрсө, Чүйдүн чыгыш тарабынан Канатты агалары Кеңешбек Дүйшөбаев менен Туйгунаалы Абдраимов президенттик тактыга таптап атканы, ага жолтоо катары Темикенин чыгып атканы жакпай калыптыр. Жыйынтыгында, Чүйдүн эки тыңчыкмасы кайрадан сүзүшүп, башкаларга уят болбосо экен! Канат Исаев да, Темир Сариев дагы кыргыздын туу сая турган жигиттери, эми шайлоого чейин али кыйла убакыт бар, бир сөзгө келип, бири-бириңерге жол бошотсоңор болот. А болбосо кол бөлүнүп, экөөңөр тең президент болбой каласыңар!
Булак: Азия ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ