Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы караңгы түндө таап келип дайындашканбы?”

Бөлүшүү:

“БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы Атамбаев караңгы түндө издеп, таап келип дайындаганбы? Мындан жакшысын, калысын, такылдаган-шакылдаган билимдүүсүн таба албай калышканбы?”, – деп ачууланды Нарындан бүгүн, 15-январда телефон чалган Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Акыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөргөндө, анын жыйынтыктарын жарыялаганда, нааразычылыктарга комментарий бергенде Нуржан Шайлдабекованын араң эле кыймылдаганын, араң эле сүйлөгөнүн көрүп, анын иш билгилиги жок экенин байкап жаныбыз аябай кашайды. Ушу кыргызда БШКны татыктуу башкарып кете турган бир адам табылбай калдыбы? Мындай кызматка эч кимге аты-жөнү белгисиз, араң эле жаны бар адамды   Атамбаевдин аппаратында иштегени үчүн эле Шайлдабековадай кылып шайлап коюш керек беле. Менин оюмча бул кызматка кара кылды как жарган калыс, тилинде мөөрү бар, илимдүү-билимдүү, өзүндө кайталангыс уюштуруучулук жөндөмү бар адамды таап шайлаш керек да. Ошондой кыйын адамдарды тегерегине топтосо Атамбаевдин кемчиликтери оркоюп көрүнбөй командасы жаап турмак. Азыр эми Атамбаев айланасына жалаң өзүнөн да чийки адамдарды топтоп алып сүйлөсө сөзү күлкү, кылса иши күлкү болуп жатат. Атамбаев кадр тандаганды качан үйрөнөт?  Президенттик 6 жылдык мөөнөтү да аяктап баратат”, – деди кейип-кепчиген Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: