Menu

Азамат Кыязов, журналист: “Алмазбек ага! Сиз кайдасыз?! Мынча неге кайдыгерсиз? Хандын деми элине кандай кубат берээрин, Хандын сөзү калкына кандай керек экенин Сиз түшүнө албадыңыз, аттиң…”

Бөлүшүү:

Алмазбек ага! Сиз кайдасыз?!
Айтпайын дегенди айттырып, дебейин дегенди дедиресиз да… Мынча неге кайдыгерсиз? Ооруп атат дейин десем, Кытайда жатып сергип келдиңиз. Сизди ажо катары жоктоп, башына оор кайгы түшкөн элиңиз күтүп калды. Жок дегенде экрандан көрүнүп бирдеме деп койсоңуз боло…
Кошоматчыларыңыз Сизди «Журт атасы» деп жүрүшпөйбү. Журт атасы да Сиздей болобу? Журтуңуз кан жутуп атканда демейки «алтындарым» деген сөзүңүзгө «кайрат кылгыла» дегенди кошуп, карапайым элге бир дем берсеңиз, умсунуп турган көпчүлүк Сизге ыраазы боло бата тартып жибербейт беле! Хандын деми элине кандай кубат берээрин, Хандын сөзү калкына кандай керек экенин Сиз түшүнө албадыңыз, аттиң…
Мейли эми, Сиздин түйшүгүңүз арбын, түшүнүгүңүз жогору эмеспи. Балким мен адашып аткандырмын… Антсе да, жармач акылымды ортого сала кетейин. Албетте, авиакырсыкты Сиз кылган жоксуз, бирок, анын кесепеттерин жоюга президент катары милдеткерсиз. Чакан өлкөнүн тагдырын колуна алган жол башчы, анда жашаган ар бир адамдын жашоосунан, тагдырынан кабардар болуп турууга… Оюмду алакачтырбай, ток этээрин айтайынчы…
Алмазбек ага, орду толгус чоң кырсык болду. Дүйнө дүңгүрөдү. Аны аттуу-баштуу президенттердин көңүл айтуусунан деле байкагандырсыз. Шарт эле белгилейин, жоготууларды калыбына келтириш үчүн Сиз сунган 100 миң сом же өкмөт «эсептеген» 70 миң сом жетпейт. Үй-бүлөсүнөн, үйүнөн ажырап, ден-соолугу, жан-дүйнөсү жабыркаган адамды ого бетер антип «майдалабай», жардам кылсак, кылгандай кылалы. Мамлекеттик казынадан үлүш бөлүүдөн кыйналып атсаңар, элге салыңыздар, ансыз деле карапайым эл түп көтөрүлө колунан келгенин берип жатат. Билесиз, мамлекет эсебинен байыган «олигархтар», коррупциядан койкоюп өсүп чыккан «бизнесмендер», Сиз айтмакчы «крысалар» толтура. Алды күркүрөгөн партияга айланып, арты элдин башын айлантып, шайлоодон шайлоого акча чогултмай менен алек. Буларды бир аз «бурасаңыз», анан жанагы кв.метрин 600-800 доллардан түшүрбөй, «битин сыгып канын жалаган» котологон «курулуш компанияларын» кичине кыссаңыз эле маселе чечилчү жерде турат. Маселен, көп кабаттуу имарат курган кайсы бир компания авиакырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөгө 1 же 2 бөлмөлүү батирин ыроолоп койсо, кайрымдуулуктун жогорку чегиндеги иш эмеспи. Менимче, бул соопчулук алардын бизнесине олуттуу чыгым алып келбесе керек. Далай тоскоолдукту «шапке» кийгизип аттап көнгөн немелерге анча оордук болбостур. 10 курулуш компаниясы 10 адамды үйлүү кылса, калганына кыйла жеңилдик болобу деген ой. Анүстүнө эми бүтүндөй Дача-Суу кыштагынын тургундарын коопсуз аймакка көчүрүү жагдайы түзүлдү да. Алмазбек ага, салыштырмалуу түрдө калыс карайлычы, Сиздин бийликке келишиңизге себепкер болгон апрель шейиттерине көп кабаттуу үйлөр курулуп, батирлер берилип, миллион акчалар бөлүнбөдү беле, эми бул авиакырсыктын шейиттерине дагы ошол өлчөм менен жардам кылганыбыз оң го. Элестетиңизчи, өтө жаман өлүм менен бир үй-бүлө толук жок болуп кетсе, бир үй-бүлөдөн 5 адамга чейин жоготуу болду, эне сүтү оозунан кете элек наристелер… Сезими бар жанга бул не деген алаамат?! Эгер өлүмдү “саясий” өңүттөн бөлүп “баалай” турган болсок, Дача-Суу окуясы ал критерийге сөзсүз илинет. Кыргыздын кайгысын, өлүмүн бири-биринен айырмалап кароо – бери дегенде бечелдик. Кыскасы, окуянын чети оюла элек чегинде турабыз, калганы Сиздин каалооңузга жараша…
Ажого жышынбай, элиме эки ооз сөз айтайын эми. Демек, Кудай кыргызга ушундай тагдыр буюрган болсо – татыктуу көтөрөлү. Бири-бирибизге жөлөк бололу. Чоң жоготуулардан алган сабагыбыз ынтымагыбызга, биримдигибизге жол ачсын. Бирбоорлорубуздун жаткан жери жайлуу, арты кайырлуу болсун. Кантели, өлүш үчүн туулат экенбиз… Оозуна келгенди оттогон, тантырак кыздарыбызга Кудай ыйман берсин. Кечиримдүү, келечектүү, кең пейил журт бололу.
ЖАКШЫЛЫК, СУЛТАН – ананайындар, силердин аман калганыңар – бул кайгынын артынан кыргыз элине чоң ЖАКШЫЛЫК келеринен кабар бергенсиди. Мындан ары ар бир кыргыздын үйү – силердин үйүңөр, ар бир кыргыз ата – силердин атаңар, ар бир кыргыз эне – силердин энеңер. Силердин татыктуу билим алышыңарга колуман келишинче жардам кылууга даярмын, каралдыларым…

Азамат Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: