Menu

Эл тараза: Таскагы катуу Темир Сариев

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде кээ бир окуяларга же саясий лидерлерге карата элдин үнү деп теледен, радиодон, гезиттерден саясий серепчи, аналитик, эксперт деген беш-алты адамды гана сүйлөтүп, элди тажатып да бүттүк. Биз “Эл тараза” деген рубрика менен кыргыз саясатына аралашып, күңгөй-тескейин көрүп калган адамдар тууралуу карапайым калктан сурамжылоо жүргүзүп, элдин чын дилден айткан пикирин кооздоп, көркөмдөбөстөн берип туралы деп чечтик. Бул жолу экс-премьер-министр Темир Сариев тууралуу элдин пикирин билдик.

Тилек Мурзалиев, Бишкек шаарынын тургуну:

— Темир Сариев боюнча айтсам, ал киши саясатта көп жылдан бери жүрөт. Мен билгенден депутат, министр болуп чоң эле кызматтарда жүрдү. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турган кезден баштап эмнегедир жакшы иштерди жасай албады. Ал жерде бул кишинин жалгыз күнөөсү жок. Бирок ошол учурдан тартып Кыргызстанда экономика абдан төмөндөп кетти. Азыр көрүп жатасыздар тышкы карыз өсүп жатат. Эмне үчүн Убактылуу Өкмөттүн учурунда Темир Сариев жакшы ишти аткара албады? Анткени ал башка жетекчилерден айырмаланып экономика маселесин жана келечекти жакшы билсе болот эле. Чынында көп эле жакшы иштерди баштаган. Тилекке каршы, баары ич жылытаарлык болуп аягына чыкпады. Азыркы саясатчылар карапайым эл таптакыр эле эч нерсе түшүнбөйт, көрбөйт дешеби айтор уялбай эле отурушат. Эми Темир Сариев президенттикке да ат салышам деп жатат. Анын жыйынтыгын бир Кудай билет да. Бирок бизде азыркы саясатчымын деп жүргөндөрдүн арасында президенттикке ылайыктуу талапкерлер жокко эсе.

Дамир Шакеев,  жеке ишкер:

— Мен бул саясатчынын оң жана терс жактарын айта албайм. Чынында көп жылдан бери саясат айдыңында жигердүү келе жаткан саясатчылардын бири. Пенде болгон соң адашабыз. Бирок эл арасында түндүк — ​түштүк маселесине келгенде жаңылып сүйлөп алган жайлары бар деп укканым бар. Бул эми көрүнүктүү саясатчы үчүн чоң минус. Бийликке келип калса министрлик, ведомстволук аралыгында ушул маселе байкалып калышы мүмкүн. Эмнеси болсо да бул эски адам, эски системанын бир мүчөсү. Алгылыктуу түрдө чоң өзгөртүү жүргүзө албы жокпу аны убакыт көрсөтөт. Ал эми жасаган иштери боюнча бул же тиги иштин автору деп уга элекмин

Айбек Бийбосунов,  журналист:

— Сариевдин салмагы жол чырына чейин мыкты болчу. Өзү дагы эмоцияга алдырбаган, тең салмактуу саясатчылардын катарында эле. Бул кишиге 2010-жылдан кийин өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк аябай эле берилди. Көрүнүктүү делген министрликти жетектеп турду, андан кийин Өкмөт башчылыгына дагы келди. Бирок Темир мырза ага артылган жүктү көтөрө алды деп айтыш кыйын болуп турат. Анткени, Сариев десе эле биздин эсибизге Балыкчы-Корумду жолу түшө турган болду. Дал ушул тендер чырынан өзүнүн колун булгап алды деп айтсак жаңылышкан болбойбуз. Ошол эле учурда Темир Аргенбаевичти ак жеринен каралап койду дегендер дагы жок эмес, бирок Темир мырза өзүнүн актыгын далилдеп, элди ишендире алган жок. Күз маалында боло турган аламан байгеге катышып, ажолукту мээлеп жатканын угуп жатабыз. Бирок бул ирээт эмес деп ойлоп жатам. Себеби, Темир Сариевдин тентектигин эл унута элек.

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: