Menu

“Талибан” Трамты Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүүгө үндөдү

Бөлүшүү:

“Талибан” кыймылы АКШ президенти Дональд Трампты америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарууга үндөдү. Кыймылдын пикиринде, бул өлкөгө аскерлерди жайгаштыруу акыркы 15 жылда кыйроо менен өлүмдөн башка жыйынтык берген жок.

Трамп буга чейин эч качан Ооганстандагы саясий багыты тууралуу кеп козгогон эмес, бирок бул өлкөдө америкалык аскерлердин жайгашуусун кубаттай турганын билдирип, атүгүл Ооганстан боюнча мол тажрыйбага ээ эки генералды коопсуздук тармагындагы жетекчи кызматтарга дайындаган.

Кыймылдын АКШнын жаңы президентине жолдогон ачык катында Кошмо Штаттарга болгон ишеним жоголгону белгиленет. “Бул согушту токтотуу боюнча чечим кабыл алуу сиздин моюнуңузга жүктөлгөн жоопкерчилик”,-деп айтылат кайрылууда. “Талибан” буга чейин дагы бир нече жолу Кошмо Штаттар менен анын тарапташтарын Ооганстандан аскерлерди алып чыгып кетүүгө чакырган жана ага чейин Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү мүмкүн эместинин баса белгилеген.

Кошмо Штаттар “Аль-Каиданы” жеңүү үчүн 2001-жылдан бери Ооганстанга он миндеген аскер жөнөткөн. Быйыл НАТО коалициясынын курамындагы америкалык аскерлердин саны 8 400гө чейин кыскарган. 2014-жылы коалиция аскерлеринин негизги миссиясы аяктагандан кийин “Талибан” Батыш колдогон өкмөттүк күчтөргө каршы маал-маалы менен чабуулдарды уюштуруп турду. Учурда өлкө аймагынын үчтөн эки бөлүгү өкмөттүк күчтөрдүн колунда.

Чет өлкөлөрдө жүрүп жаткан жаңжалдарга карата Трамптын көз карашы бир беткей эмес. Буга чейин ал мусулман дүйнөсүндөгү уруштарды жөнгө салууга аракет жасаган мурдагы бийликти сынга алып, бирок өзү исламчыл-жоочуларды түп-тамырынан бери жок кылууга убада берген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: