Уральск шаарында сот Караоба айылындагы гимназиянын аскерге даярдык сабагынын мугалими Айдос Габдулкаримовду беш жылга түрмөгө кести.
Ал былтыр октябрда айылдаштарынын көзүнчө футбол ойноп жаткан маалда 10-класстын окуучусу Едил Максотовду сабап таштаган. Өспүрүм алган жаракаттары менен ооруканага жаткырылган. Полиция“ ден соолукка атайлап зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөө материалдарына караганда, окуучу алгач тарых сабагынын мас болуп жүргөн мугалими менен урушуп кеткен. Өспүрүм аны сөгүп таштаган соң, аскерге даярдоо боюнча сабак берген мугалим кесиптешине болушуп кеткен.
Окуучунун туугандарынын мугалимге дооматы жок. Соттолуучу жабырлануучуга моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берген. Мугалимдин жактоочусу өкүм боюнча сотко доо арыз менен кайрылуу ниетинде.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ