Өзбекстандык Умар Бадалов 19-январь күнү “Домодедоводон” Ташкентке учуп келип, бирок аэропторттун имаратынан тышка чыккан эмес. Аялы Феруза Бадалова күйөөсүн бир жума издегенин, бирок жыйынтык чыкпаганын билдирүүдө. Жоголгон киши Орусияда иштеп жүргөн.
Феруза Бадалова күйөөсүн табууга жардамдашуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнөн тарта Генералдык прокуратурага чейин арыз жазып кайрылган. Бирок алардын бири дагы жооп берген эмес.
Анын айтымында, Москвадан учуп келе жаткан күйөөсүн тосуу үчүн 19-январда Ташкент Эл аралык аэропортуна барган. Бирок ал күнү милиционерлер аба майдандын имаратынын ичине киргизбей коюшкан. Кийинки күнү паспортту менен барып, каттамдын башчысынан күйөөсү чын эле Орусиядан келгенин тактаган. Чек ара көзөмөл бекетинен Умар Бадаловду “мамлекеттик органдын” кызматкерлери алып кетишкенин айтышкан.
38 жаштагы Умар Бадалов 1999-жылы диний айыптоолор менен 17 жылга кесилген. Төрт жылдан кийин мунапыска илинип, түрмөдөн чыккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ