Menu

Айжан Чыныбаева Сокулук районун республикалык деңгээлдеги эл аралык тамак-аш өнөр жай хабына айлантууну сунуштады

Бөлүшүү:

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева Чүй облусуна караштуу Сокулук районун ар тараптан өнүктүрүү боюнча долбоорлорду демилгелеп чыккан жалгыз талапкер. Ал учурда Сокулук районунун эли менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Анын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга партиянын программасын, ошондой эле өзү демилгелеген долбоорду тааныштырды. Айтымында, мастер-пландагы сунуштарды иштеп чыгууга эл аралык деңгээлдеги кесипкөй консультанттар колдоо көрсөтүшкөн.

“Сокулук районун өнүктүрүү боюнча мастер-планда болочоктогу 10 жылдыкта аткарыла турган иштер камтылган. Ага ылайык, Сокулук районун республикалык деңгээлдеги эл аралык тамак-аш өнөр жай хабына айлантуу сунушталган. Муну менен катар заманбап соода-логистикалык борборлордун иш алып баруусу, райондук деңгээлде туруктуу Курултайдын иштеши, маданият үйлөрүндө Адам ресурстарын өнүктүрүү борборлорунун ишке кирүүсү сунушталып жатат”, -деди А.Чыныбаева.

Мындан сырткары, аталган долбоордун алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлө арзан жана ыңгайлуу турак-жай менен камсыз кылуу, Сокулукта студенттер үчүн 10 миңден ашык адамга ылайыкташтырылган заманбап кампус куруу демилгеси камтылган.

Айжан Чыныбаева жергиликтүү элге партиянын программасында жазылган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, азык-түлүктөрдү экспорттоо, элет жерине түздөн-түз инвестиция тартуу тууралуу кеңири маалымат берди. Ал аймактарды өнүктүрүү менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга болот деген пикирди кошумчалады.

   

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 10-сентябрь, 2020-жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: