Menu

Казакстанда абактагы укук коргоочу кыйноого кабылганын билдирүүдө

Бөлүшүү:

Казакстанда балкаштык укук коргоочу Санат Бөкеновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Ал кыйноого кабылганын жарыялаган соң, бул боюнча териштирүү башталды.

Балкаштык укук коргоочу “жергиликтүү прокурорду жемкорлукка күнөөлөп, жалган маалымат берген” деген айып менен жарым жылдан бери камакта отурат.

19-январда сот жараяны болуп, 58 жаштагы Санат Бөкенов абакта кыйноого кабылганын айткан. Буга байланыштуу мамлекеттик айыптоочу соттон Букеновго карата кылмыш ишин убактылуу токтотууну сураган. Прокурор өтүнүчүн кыйноо жөнүндөгү арыз боюнча тергөөчүнүн үсүнөн кылмыш иши козголгону менен түшүндүрдү. Бирок бул иш боюнча акыркы процессуалдык чечим кабыл алына элек. Учурда Бөкеновго карата кыйноонун кандай түрү колдонулганы аныкталып жатат.

Камактагы укук коргоочу сотко бир күн калганда “Азаттыктын” казак кызматына кыйноолор моралдык зыян алып келип, ден соолугу начарлаганын билдирген. Камерадагы адам чыдагыс жагдай, туугандары менен көрүшүү мүмкүнүгүнүн жоктугу – азапка тете экенин айткан. Ал мындан тышкары камакта жаткан маалда жүрөгү жана бөйрөгү ооруп, 13 килограммга арыктаганын кошумчалаган.

Укук коргоочу үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргөнүн, жеке буюмдары менен кошо документтери, иликтөө материалдары конфискациялаганын маалымдаган.

Бөкенов кыйноолор боюнча маалымат бергендигине байланыштуу өз өмүрүнүн коопсуздугуна кабатыр болуп жатканын билдирген. Буга байланыштуу ал соттун чечими жеке камерада кармалмай болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: