Menu

Москва районунда бирөөгө бычак сайган жаран кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши
денесине бычактан алган жаракатынан улам жаткырылганы тууралуу кабарланган. Көрсөтүлгөн дарекке ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү
иштерин жүргүзүү учурунда жабырланган жаран 41 жаштагы П.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталып, бул окуя кылмыштардын жана
жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко
чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Москва районунун ИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 35 жаштагы З.С. аттуу жаран кармалган. Окуя ичимдик ичип отурушуп, пикир келишпестиктен улам чыкканы аныкталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: