Menu

Тажикстан ЕБден жаңы соода жеңилдиктерин алууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Европа биримдигинин адистер тобу Тажикстандагы жүргүзүлүп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык реформалар менен таанышуу үчүн Душанбеге келди. Буга чейин тажик бийлиги Жалпы жеңилдиктер системасынын (GSP+) алкагында Евробиримдиктен жаңы жеңилдиктерди алууга кызыкдар экенин билдирген.

Учурда Тажикстан ЕБ өлкөлөрүнө 3 миң товарды бажы төлөмүсүз жана 3200 товарды төмөндөтүлгөн бажы төлөмү менен сатууга мүмкүндүк берген базалык Жеңилдиктердин генералдык системасы (GSP) менен пайдаланат. Эгер ЕБ Тажикстанга GSP+ алкагында тарифтик жеңилдиктерди берсе, анда өлкө 6200дөн ашык товарды европалык базарга бажы төлөмүсүз сатуу мүмкүндүгүнө ээ болот.

28-февралда Еврокомиссиянын Коомчулук менен байланышуу департаментинин кызматкери Кинг Малиновска кошумча GSP+ жеңилдиктерин алуу үчүн бир нече шарт бар экенин айткан.«Өлкө 27 эл аралык конвенцияны ратификациялап, аларды натыйжалуу аткарышы керек. Анын ичинде бийлик кыйноолорго тыюу салуу, балдардын укуктарын коргоо, сөз эркиндигин коргоо, митингдерди жана массалык жыйындарды өткөрүү эркиндигин кепилдөө тууралуу конвенцияларды ратификациялап, көз карандысыз сот системасын камсыз кылышы керек», — деп билдирген Малиновска.

​Жергиликтүү экономисттердин айтымдарында, Тажикстанда GSP+ жеңилдиктеринин алкагында Европага экспорттой турган товарлар өтө эле аз, бирок ал өлкөдөгү кичи жана орто бизнести калыбына келтирип, Орусия менен Казакстандын базарларына болгон көз карандуулукту жоюуга шарт түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: