Menu

Молдокматов Чодуевди чокуга чаап, жоготобу?

Бөлүшүү:

Айыл чарба министрин ушунча жылдан “бээ десе, төө” деген бир топ ашмалтайлар башкарганы жалпыбызга маалым. Алардын аттарын атабасак да жакшы билесиздер. Азыркы министр Эркинбек Чодуев алардан ашып түшө албады, өзү деле бул кызматка “куда саясатынын” күчү менен келди эле. Келгени курусун. Иштин көзүн да, сөзүн да билбеген бир байкуш экен. Буга чейинки бир катар министрлер министрликти союп, жиликтеп кетишсе, бул эрен ошол министрликти жилик-силиги менен жеп жутканы калганын анын ишин жакындан билгендер кан какшап айтып жатышат. Мындай көрүнүшкө кыргыздын мекенчил уулдарынын бири, “Замандаштын” төрагасы Жеңиш Молдокматов да чыдай албай, анын алешем иштерин айтып чыкты. Айтып эле тим болбостон, Чодуевди, өкмөт башчысы менен кошо дебатка чакырды. Чодуев дебат дегенде денеси дүркүрөп, башын катып, үндөбөй турат. Молдокматов эми 15-ноябрда Айыл-чарба министрлигинин ишине баа берүү үчүн коомдук угуу өткөрө турганын билдирип жалпы коомчулукка чакырык таштады. Ал иш-чарага саясатчылар, эксперттер, фермерлер, журналисттер катышмакчы. Чын эле Чодуев министрликти таптакыр талкалап, “эки чайнап, бир жутуп” салган чакты мындай көзөмөл иштерди күчөтпөсө болбойт… Ансыз да абдан оор ахыбалда болуп, “өлгөнү” турат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: