Menu

Видео – Нааразычылык акциясына чыккан “Солто” коомунун жигиттеринин алдына депутат Канат Исаев чыгып актанды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” кафесинде өтүп жаткан “Ай тамга Солто” коомунун курултайына каршы нааразчылык акциясына чыгышкан “Солто” коомунун жигиттеринин алдына түшүндүрмө берүү үчүн, курултайдын катышуучусу Канат Исаев чыкты.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн экс-премьер Сапар Исаковдун бир тууган таэжесине катталган “Ал-Тоо” кафесинде экс-премьерлер Темир Сариев, Апас Жумагулов, депутаттар Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаев, экс-чиновниктер Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыргалбек Азылов, Кубатбек Байболов жана башкалардын катышуусу менен “Ай тамга Солто” коомунун курултайы өтүп, алар “Ай тамга Солто” коомунун теңтөрагалыгына Атамбаевдин “Кыргызавтомаш” заводунун бухгалтери, “Манас” эл аралык аэропортунун президенти болуп иштеген Эмир Чукуевди шайлашкан. Азыркы бийлик Эмир Чукуевди кызматтан алып, кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүүдө. Ал азыр Атамбаевдин тобуна кирет.
Бул курултай тууралу маалымат угушкан “Солто” коомунун жаштары “Ала-Тоо” кафесинин алдына келишип, бир Солто элин экиге бөлүп жатасыңар деп нааразычылык айтышып, курултайдын уюштуруучуларын эл алдына чыгып түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: