Menu

Тажикстанда прокуратура жана милиция имаратын жардырууну пландаган киши 20 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Согди облусунун тургуну Шерзод Нормамадов жергиликтүү милиция жана прокуратура имараттарын жардыруу аракетине күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары облустук сот тарабынан анын эки шериги — Иномжон Саидмуродов менен Озоджон Хужамбердиев 10 жылга кесилди.

4-октябрда облустук соттон билдиришкендей, Шерзод Нормамадов 2015-жылы Москвага иштегени барып, анда Өзбекстан ислам кыймылынын катарына кошулган. Андан соң топтун Москвадагы эмиринен райондук милиция жана прокуратура имараттарын жардыруу буйругун алган. Ага жардыруучу заттарды жеткирип берүүнү Кыргызстандын Баткен облусундагы шериктери убадалашкан.

Соттун материалдарына ылайык, Нормамадов буйрукту аткаруу үчүн өткөн жылдын соңунда Тажикстанга кайтып, 31-январда күч органдары тарабынан кармалган.

Шерзод Нормамадов иштин негизги фигуранты катары Кылмыш кодексинин беш беренеси боюнча, анын ичинде терроризм, кылмышка даярдануу жана теракт жасоо аракети боюнча күнөөлүү деп табылды.

Анын адвокаты Наргис Якубова иштин жашыруун иликтенип жаткандыгын айтып, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Соттолуучунун өзү анын сурак маалында берген көрсөтмөлөрү жасалмаланганын айтып, милиция жана прокуратура имараттарын жардырууну пландабаганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: