Menu

Саякбай Карала уулуна 125 жыл

Бөлүшүү:

Өзүнөн кийинки көптөгөн жаш манасчылардын түз жана кыйыр түрдөгү устаты, эч кимде жок өзгөчө речитациянын ээси, эпостун сакталып, өнүгүшүнө ат көтөргүс зор салым кошкон XX кылымдын залкар манасчысы Саякбай Каралаевге 125 жыл толду. Буга карата республиканын билим берүү, илим изилдөө жана маданият борборлорунда түрдүү деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп жатат. “Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну” деп аталган илимий конференция КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Саякбай” коомдук фонду жана “Устат – шакирт” салттуу музыка борбору тарабынан уюштурулду.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда Саякбай Карала уулунун 125 жылдыгына арналган илимий конференция болуп өттү. Президенттик аппараттан Ш.А. Түмөнбаев, Жогорку Кеңештин аппаратынан Н.С. Бараканова, Өкмөт өкүлү Ж.У. Саралаева, академиянын президенти С.М. Жуматаевдер катышкан бул конференция демейдеги жыйындардан өзгөчөлөнүп мында окумуштуу, изилдөөчүлөр менен заманыбыздын жаңы муун манасчыларынын ортосунда пикир алмашуу, ой талкуу формасында болду. Конференцияга манасчылар: Таланталы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замир Баялиев, Самат Көчөрбаев, кытайлык манасчы Асанаалы Халил уулу ж.б. жаш манасчылар; окумуштуу-изилдөөчүлөрдөн: академик Абдылдажан Акматалиев, филология илимдеринин докторлору Курманбек Абакиров, Жылдыз Орозобекова, Гүлбара Орозова, Нуржан Нарынбаева, Аида Эгембердиева; филология илимдеринин кандидаты, профессор Сапар Бегалиев ж.б. филология факультеттеринин окутуучу мугалимдери келип катышты.

Корференциянын жүрүшүндө манасчылар менен окумуштуулар кезектешип сүйлөп, “Саякбай Каралаевдин айткан нускасы жана манасчылардын жаңы мууну” деп аталган теманын тегерегинде талкуу болду. Алгач манасчыларга сөз берилип, алар С.Каралаевден алган таасирлерин жана өзүнүн эпоско киргизген жеке көз караштарын да камтып өтүштү. Манасчылык өнөр, С.Каралаевдин айтуучулук чеберчилиги, кийинки манасчылардын эпосту өнүктүрүүгө жасаган аракеттери жана алардын бул багытка кошкон артыкчылык жана кемчиликтерин козгогон Ж.Орозобекова, К.Абакировдун илимий байкоолору бир топ талаш-тартыш туудурду. Ж.Орозобекова бүгүнкү аты белгилүү болуп калган манасчылардын айткан тексттери кагаз бетине түшүрүлүп, мурунку айтуучулардын варианттары менен салыштырылып илимий жактан талдоого алынып, так аныктамалар менен изилдөө жүргүзүлүшү керек экенин белгиледи. Ал эми К.Абакиров азыркы учурдагы манасчылардын айткандарын өзүнчө бир вариант катары атоого татыктуубу, дегеле вариант деп атоонун туура же натууралыгына токтолду. Суроо-жооп иретиндеги талкуу манасчылардын эпостон үзүндү айтышы менен коштолуп, жүрөгү кыргыз деп соккон ар бир атуулдун канын дүргүтүп, угуп отургандар “Манастын” керемет ыр саптарынын поэтикасына дагы бир жолу сүңгүштү.

Конференциянын аягында өкмөттөн келген өкүлдөрдүн жана Улуттук илимдер академиясынын президентинин айткан сөздөрүндө С.Каралаевдин 125 жылдыгына арналган бул илимий конференция жалаң эле окумуштуулардын катышуусунда эмес, манасчылар менен бирдикте, теория менен практиканын айкалышуусунда болгондугу менен өзгөчөлөнүп, жандуу, или-мий жактан жогорку деңгээлде өткөндүгү баса белгиленди. Талаштан тактык жаралат демекчи, айтуучулар менен изилдөөчүлөрдүн мандай-тескей отуруп, кызыл чеке болушуп, суроо-жооп алышып, пикир алмашуусу сыяктуу илимий-практикалык жыйындардын илим үчүн мааниси чоң экени шексиз.

Өмүралиева Жанар

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: