Бүгүн, 22-апрелде Душанбе шаарындагы №1 дарылоо борборунда пневмониядан төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Asia-Plus билдирет.
Маалыматты оорукананын директору Хуршед Рустамзода тастыктаган.
«Тилекке каршы, бүгүн биздин төрт бейтап пневмониядан көз жумду. Каза болгондор 60 жаштан ашып калышкан, алардын бардыгы эркек кишилер », – деди ал.
Анын айтымында, коронавируска төртөө тең анализ тапшырган. Ал эми анын жыйынтыгында вирустун белгилери жок деп чыккан.
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары Шодихон Жамшед коронавирустун алдын алуу боюнча штабдын жыйынында аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу дем алуу органдарынын, анын ичинде пневмониянын саны кескин көбөйүп кеткенин айтты.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Республикалык медициналык статистика маалымат борборунун маалыматы боюнча, өткөн жылы пневмония менен ооруган адамдардын саны 12802 бейтапты түзгөн. Алардын канчасы каза болгону кабарланган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ