Чуй облусунун экс-жетекчиси Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП партиясы парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматка ылайык, 11 партия мандаттар үчүн күрөшпөйт:
1. “Кыргыз Республикасынын Агрардык” партиясы.
2. “Демократ”.
3. Кыргызстан Коммунисттер партиясы.
4. “Эмгек”.
5. “Бирик” (“Мекеним Кыргызстан” менен биригүүгө байланыштуу).
6. “Таза Коом” (“Кыргызстан” партиясы менен биригүүгө байланыштуу).
7. Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы.
8. “Ар Намыс”.
9. “Бийлик элге”.
10. “Кыргызстан элинин биримдиги” (“Ыйман Нуру” партиясы менен биригишине байланыштуу).
11. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП).
24-августта саат 18:00гө чейин саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн алып келүүлөрү зарыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ