Германияда сот полициячыга кол салгандыгы үчүн марокко тектүү 16 жаштагы окуучу кызды алты жылга эркинен ажыратты. Кыз өлтүрүү максатында полициячыга кол салуу, денесине оор залал келтирүү жана терроризмди колдоого күнөөлүү деп табылды.
Өткөн жылдын февралында анын бычак менен кол салуусунан полиция кызматкери кекиртегинен жараат алган. Ал кезде кыз 15 жашта болгон жана исламчылар менен байланышы бар деген шектенүүлөрдөн улам иши тергелип жаткан. 2015-жылы ал «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылган.
Өткөн жылдын декабрында Тунистен барган бозгун тарабынан жасалган Берлиндеги рождество жарманкесиндеги теракттан кийин Германияда оор абал сакталып турат. Акыркы кездери исламчылар кол салууларга даярданууда көбүнчө өспүрүмдөрдү пайдаланып келишет. Буга байланыштуу герман бийлиги кооптуу адамдар деп эсептөөгө мүмкүн болгон эң төмөнкү куракты 14 жашка чейин төмөндөтүүнү пландап жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ