Европарламент депутаттарынын көбү Грузия жарандарына «Шенген аймагына» визасыз кирүү укугун берүү чечимин колдошту. Бирок Улуу Британия менен Голландиянын өкүлдөрү визасыз режим киргизүүнү эрте деп эсептей тургандыктарын билдиришип, каршы добуш беришти.
Жыйындын жүрүшүндө эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, анда Европа биримдиги визасыз режимди токтотуу механизмдерин пайдала тургандыгы белгиленди.
Мурдараак Европарламенттин мүчөсү, Грузия боюнча баяндамачы Мария Габриэль бир катар техникалык маслелерди чечүү зарылдыгынан улам Грузия жарандары ЕБ өлкөлөрүнө марттын аягынан тарта визасыз кире ала тургандыктарын билдирген.
Европарламенттин Грузия жарандарына визасыз режим киргизүү маселеси каралган жыйынын грузин телеканалдары түз эфирде көрсөтүштү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ