Menu

Артур Медетбеков, генерал-майор: «Эгерде учактагы жүк контрабанда боло турган болсо, компенсация төлөтүү кыйын болот»

Бөлүшүү:

— Артур мырза, Дача-СУ айылында болгон авиа кырсыктын кесепетинин, андагы жүктүн кимдики экени билинбей жатканы коомчулукта көп сөздөрдүн болушуна жем таштады. Жарылган учак менен келген жүк контрабанда болушу мүмкүн деген сөздөр болуп жатат. Сиз мамлекеттик коопсуздук кызматында иштеген адамсыз. Буга чейин да жашыруун жол менен товар алып кирүү катталды беле?

– 16 -январда болгон каргашалуу окуя Кыргызстан үчүн өтө оор жоготуу болду. Эл аза күтүп, жабыркагандарга жардамдарын аяшкан жок. Чынын айтыш керек, ушундай окуядан пайдаланып айрым жетекчилер ар кандай бурмалоолорду жасап саясатташтырууда. Мындай учурда ар кандай саясый оюндарды жасап, упай топтоонун аракетин жасабай, тескерисинче биримдикте болуп, колдоп-коштоп турушубуз керек эле. Гонконгдон Бишкекке учуп келген, андан ары Стамбулга учуп кете турган болгон Боинг-747 учагы жарылып кеткенден тышкары, Кыргызстанга саясый бир туңгюкту да түзүп койду. Себеби, учактын ичинде кандай жүктөр болгон, эмне үчүн ушул учак транзиттик жол менен 52 жолу учкан, ал тууралуу текшерүү иштери болгонбу, канча керосин куюлган, жүктөрдүн ээси ким деген коомчулукта көп суроолор пайда болуп жатат. Эгер биз анализ жүргүзүп, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери карап көрө турган болсок, буга чейин дагы авиа транспорттук жолу, авто унаа транспорттук жолу менен иштер болуп келген, бүгүнкү күндө дагы болуп турат. Бул биринчи президент, экинчи президенттин учурунда дагы болгон, үчүнчү президенттин тушунда дагы контрабандалык жол менен иштер жүрүп жатканы ачык-айкын көрүнүп калды. Жакында эле ЕАЭС уюмунун чогулушу болуп жатканда Белорусиянын президенти тарабынан “Кыргызстанга ар кайсыл жактан контрабандалык жол менен келип калган жүктөр бар. Кандайча жол менен келип калат? Кыргызстандын бажысында тешик пайда болуптур, ушул боюнча чара көрүш керек» деген сөздөр айтылган. Бул биринчиси. Экинчиси, Кытайдын бажысы берген маалыматы боюнча Кыргызстанга кирген жүктөрдүн,  товарлардын баасы ондогон миллиард болсо, ал эми Кыргызстанга кирди деген биздин бажынын маалыматы боюнча үч эсе аз болуп чыгып калууда. Бул деген уюшулган криминалдык, чиновниктик чоң деңгээлдеги коррупциялык схемалар бүгүнкү күндө иштеп жатат дегенди билдирет. 2007-жылы Кыргызстанга Ил‑76 үлгүсүндөгү эки учак учуп келип, алар транзиттик товарларга туура эмес декларация толтурушкан да, анын ичин карап чыкканда 100 тонна ок-дарылар болуп чыккан. Бул боюнча УКМК тарабынан иш козголгон. Ал ок-дарылар сот иши болсо конфискация болуп кетмек. Бирок ал ишти сотко жеткизбей, ошол мезгилдеги президенттин администрация жетекчиси, укук коргоо органынын башчылары президенттин буйругунун негизинде ишти жаап, аларды кайра коё берип жиберген. 2008-жылкы жайында болгон окуяны алып көрсөк, Бишкектен Иранга бара турган учак аэропорттон учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин кулап түшүп, биздин көп жарандар каза болушкан. Кечээки кулап түшкөн учактын ээлери кырсыктан жабыркагандарга баардык жардамдарды беребиз деп убадаларды берип жатышпайбы. 2008-жылы учак кулап, жарандар каза болгон окуя болгондо дагы «Итек-Эйр» авиа компаниясынын ээлери дагы башында жардам беребиз деген убадаларын беришип, иш сотко чейин барып, соттун чечими алардын пайдасына чечилип, жабыр тарткандар болбогон эле тыйын алып калышкан. Анткени, соттун чечимине ошол убактагы президенттин туугандарынын таасири күчтүү болуп, ошонун негизинде соттон ошондой чечим чыгып калган. Себеби, алар өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлошкон.

— Учак менен келген ок-даарыны коё берүүдө Медет Садыркулов түздөн-түз аралашкан деп айтылган. Мунун канчалык чындыгы бар?

— Ачыгын эле айтыш керек да. Ал убакта Медет Садыркулов президенттин администрация жетекчиси болчу. Ал кишинин, ошол убактагы президенттин башка мамлекеттер менен көмүскө, эч кимге билинбеген келишимдери болушу мүмкүн. Ошонун негизинде өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн чыгарып жиберишкени ырас. Мен ал убакта УКМКда биринчи орун басар болуп иштеп тургам. Менин буйругум менен ошол жүк боюнча иш козгоп баштаганда, мени иштен четтетип, 2008-жылы жумуштан алып коюшкан. Бирден-бир себеби ушул болгон.

– 2008-жылы учак жарылып, адамдар каза болуп, бирок учактын ээси болгон «Итек-Эйр» жоопкерчиликтен кутулуп кеткени белгилүү да. Сиз аларды президенттин жакын адамдары калкалаган деп айтып жатасыз. Кайсыл жакын адамы экенин ачыктай аласызбы?

— Президенттин жубайы да көп нерсеге кийлигишкен. Оперативдүү маалыматтардын негизинде президенттин жубайы «Итек-Эйрдин» ээлери менен жакшы мамиледе болуп, ошонун негизинде соттон авиа компаниянын пайдасына чечим чыгып калган.

— Буга чейин Гонконгдон 52 жолу жүк келген экен. Таасири күч адам аралашпаса, сырдуу жүктөрдү ташуу мүмкүн эмес болсо керек?

— «Манас» аэропорту геоэкономикалык жагынан Борбордук Азиянын абдан жакшы жеринде жайгашкан. Бул жерден транзиттик жолдорду пайдаланууга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Эсиңиздерде болсо керек 2014-жылы Американын авиа базасы кеткенде «Манас» аэропортун бийлик башында турган жетекчилер эл аралык деңгээлдеги чоң логистикалык борбор жасайбыз, учактар транзиттик жол менен ушул жерге конуп, андан миллиондогон долларлар түшүп, бюджетти толуктайбыз деген убадалары болгон. Бирок ошол долбоордун негизинде иш алып бара турган Орусия өңдөнгөн мамлекеттер баштапкы күндөрдөн тартып эле, ал жерден ар кандай коррупциялык иштердин башы чыгып калганда качып кетип калышкан. Бүгүнкү күндө «Манас» аэропортунда транзиттик жолду өркүндөтүүнүн негизинде ар кандай авиа компаниялар аркылуу жүк ташуусунан өлкө бюджетине акча түшүрүүнү көздөгөн ишкерлер бар. Бирок ушундай иштерди жүргүзүүдө буга чейин да коррупциялык схемалар көп болуп кеткен. Себеби башка мамлекеттин жеке авиа компаниясы Кыргызстандагы чоң фирмалар менен чет өлкөлөрдөн жүк алып келүү жөнүндө сүйлөшүшөт. Бул биринчиден жол кире жагынан арзан болот. Эң арзаны таасирлүү жогорку кызматта иштеген адамдар менен иштешүү болот. Талаштуу жүк өлкөгө канча жолу келди, бул жерде канча май куюлду, андан канча акча түштү? Транзиттик жүктү биздин бажы кызматкерлери караганга укугу бар. Ал биздин аймагыбызга кирип келген соң, биздикилер милдеттүү түрдө карашы керек. Эпидемиялык, радиациялык жана башка коркунучтардан сактаныш үчүн мамлекетке кирген жүктөрдү караганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Учак жарылып, жүк талаага чачылып калбадыбы. Бирок, ал биздин чек арага өттү да. Жүктөрдүн кайсыл жакка келип түшүшү боюнча УКМК өзүнчө аныктама берип жатат. «Бул жүктүн эки тоннасы акыры Кыргызстанга келиши керек экен» деп. Кыргызстанга келиши үчүн жүктү Стамбулга алып барып, кайра бул жакка алып келмек экен. Эки-үч эселеп чыгаша болуп жатат. Буга бир дагы ишкер макулдук бере албайт. Бул жерде абдан чоң көз боёмочулук болуп жатат. Авиа компаниянын жетекчиси баардык жүктөр Турцияга келиш керек эле деп айтпадыбы. . Мындай бири-бирине карама-каршы келген сөздөр айтылышы, дагы деле болсо Кыргызстандагы жетекчилердин ушундай иштерге таасирин тийгизип жатканы көрүнүп турат.

— Азыр Түрк фирмасы баардык компенсацияларды төлөп беребиз деп жатышат. Бирок ошол камсыздандыруучу компания өзүнүн изилдөөсүн жүргүзмөйүнчө компенсация төлөп бербеши белгилүү. Бул дүйнөлүк практикада ушундай да. Эгерде товарлар контрабандалык жол менен келген болсо, компенсация төлөп береби?

— Учакка ээлик кылган авиакомпания, учакты дүйнөлүк деңгээлдеги чоң камсыздандыруу компаниясына камсыздандырган болушу керек. Учак камсыздандырылбаган болсо уча албайт. Алардын учагы уурдалып же кырсыкка туш болгон учурда камсыздандыруу компаниясы өздөрүнүн агенттери менен толук изилдөөлөрдү жүргүзүп чыкмайынча компенсация төлөбөйт. Ага чейин куру убадаларын бере беришет. Алар камсыздандырган учактын ээлери мыйзамдуу иштешкенби, коррупциялык схемалар менен жүк ташыган эмеспи дегенди да карашат. Эгерде алынып келинген жүк мыйзамсыз болуп коррупциялык иштерге аралашкан болсо жанагы келишим түзгөн компаниялардын өздөрүнө штраф салышы мүмкүн. Анан жанагы компания соттон утулуп кала турган болсо учактын ээлери компенсация төлөбөй да коюшу мүмкүн

– 2008-жылы кулаган учакка президенттин жубайы кийлигишип, сотто чечим авиа компаниянын пайдасына чечилгенин айтып кеттиңиз. Азыр да ошондой таасири күчтүү адамдар аралашып, түйүнү чечилбей жаткан жүк сырдуу боюнча калып кетиши мүмкүнбү?

— Анда компенсация төлөнгөн. Бирок өтө аз. Ал эми кечээки учак менен келген жүккө тийешеси бар болуп, жеке менчик авиа компаниянын жетекчилери менен чогуу иштешип, коррупциялык схемалардын үстүндө иштеген укук коргоо же болбосо бажынын жетекчилери аралашканы териштирүү иштеринде билинип калбасын десе, жогорку деңгээлдеги таасирлүү адамдардын кийлигишүүсү менен жабык бойдон калып калышы мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: