Menu

Таабалды Тиллаев, РАЖ фракциясынын депутаты: “Өмүрбек Бабановду президенттик жарышка аттандырдык”

Бөлүшүү:

Парламентте түрдүү депутаттар бар. Кээ бири беш жыл бою үн чыгарбай, балык бойдон өтүп кетет. Албетте, андайлардын мамлекетке пайдасынан зыяны көп болорун 25 жылдык тарыхта көрдүк. Элдин өкүлү катары шайланган соң көйгөй маселени көтөрүп, калктын таламын талашпаса, анда неге депутат болуп отурат? Жеп-ичкенден башканы билбеген немелер негизи кетиши керек. Биз ошондой талапты көтөргөндү үйрөнүшүбүз зарыл. Азыр жаш болсо да чыйрактыгын көрсөтүп, Сариевди өкмөттөн кетирүүдө тикесинен тик турган, мындан сырткары бир топ маселени көтөрүп, курчтугун көрсөткөн Таабалды мырзаны сөзгө тарттык.

Таабалды Гапырович, маегибизди чек ара боюнча баштайлык, анткени акыркы жылдары такталбаган аймактар өтөтатаал маселеге айланып, чоң чырлардын учкунун тутантууда. Окуялар кээде киши өлүмү менен коштолуп, жеккөрүүчүлүк сезимди курчутуп жаткан учуру. Баткендин кулуну катары муну сиз жон териңиз менен сезип, жүрөгүңүздүөйүтүп келе жатсаңыз керек. Эл өкүлү катары айтсаңыз, бул көйгөйдү кандай чечсе болот?

Ооба, өзүңүз туура баамдагандай, өлкөнүн түштүк аймагындагы чек ара маселеси өтө орчундуу маселеге айланды. Жалпы мамлекеттин коопсуздугуна шек жарала турган кырдаалдар түзүлүүдө. Демек биз чек араны көңүл сыртында калтырбай, же катардагы көйгөйдүн бири катары мамиле жасабай, өлкөнүн эң башкы көйгөйүнүн бири экенин түшүнүп, чукул арада чечкенге аракет кылышыбыз керек. Биринчиден, өкмөт ыкчам иштеп, тең укуктагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү шарт. Кийинки өкмөт чечсин дегендей илең-салаң мамиле жасабастан дыкат киришип, дипломатиялык же башка жолдор менен болсо да мамлекеттик деңгээлде тез арада чечкенге аракеттениши керек. Антпесе баарыбыз көргөндөй түшүнбөстүктөр көбөйүп, нараазылык чыңалып жатат. Албетте, чек арага жол, суу, ток деген сындуу көйгөйлөр байланып калган. Эки мамлекеттин жарандары бир сууну ичип, бир жолдо жүрүп жатат. Ушуларды жолго коймоюн, чыр-чатактар улана берет. Жакшы жылышты айта кетишибиз керек, жол боюнча бир топ маселелер жүрдү. Коңшу өлкөгө көз каранды болбой турган жолдор салынып жатат. Бирок башка маселелер унутта калып кетти. Бул жерде өкмөт өтө эле чабалдыгын көрсөтүп жатат. Жергиликтүү бийлик да өз ишин актай албай турат.

Сиз өкмөттүн Баткендеги өкүлүн алмаштыруу керек дегени турасызбы?

Жок, мен иштесин деген мааниде айтып жатам. Азыркы учурда алакан жайып отурбаш керек. Ырас, чоң көйгөйлөрдү Баткендеги өкүл чече албайт. Алар президенттик же өкмөттүк деңгээлде гана чечилет. Биз өкмөттүн түзүмүн бекиткенде чек ара боюнча атайын бир вицени, Жеңиш Раззаковду дайындадык. Бирок бул киши көзгө илинерлик жумуш жүргүзө албады. Ошондон улам Парламентте анын ишин сындап жатабыз. Сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк дегени менен тыянак чыга элек. Албетте, биз туура түшүнүп жатабыз, эл жыш жайгашкандыктан маселе чечүү кыйынга турууда. Жана айткандай ичкен суубуз, жүргөн жолубуз бир болуп жатат. Кээ бир жерден көчүрүү зарылдыгы жаралууда, буларды элге туура түшүндүрүү керек. Бирок ушул жоопкерчиликти алганга өкмөттүн эрки жетпей жатат. Мени жаман көрүп калат деген маанайда колунун учу менен иш кылышууда. Бирок ахыбал күндөн-күнгө курчуп, адам өлгөн учурларга чейин жетүүдө. Бир жума боло элек, Баткендеги жаштардын ортосунда жаңжалда апаларыбыз токмок жеп, жаш балдарыбыз кызыл-жаян болуп, турак үйлөр жабыркап, унаалар өрттөндү. Бул жакшы көрүнүш эмес.

Сиз айткан Жеңиш Раззаков боюнча терс маалыматтар гезит, сайттарда жарыяланып, жеке мамиле аркылуу бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгы көздөгөнү айтылды. Буга сиз кошуласызбы?  

Мен ал сөздөргө кошула албайм, себеби Жеңиш Раззаков Баткендеги ИИМдин бөлүмүн жетектеди, облустун башчысы катары түзүк иштеди.

Убагында Токон Мамытов сес көрсөтүп, чек араны жаап, маселени башка өңүттөн чечкенге аракеттенди эле, жемишин бердиби?

Токон Мамытовдун ошол кездеги ишине мен «2» деген баа берет элем. Ошол киши дайыма кыйкырып сүйлөйт, бирок бир дагы чеке жылытарлык ишин көргөн жокмун. Чек араны жапканда Тажикстан коңшу Өзбекстан менен мамилесин чыңдап, карым-катышын оңдоп алды. Ойлонулбаган чечимдин кесепети мамлекеттин бюджетине дагы чоң сокку урду. Ошол күндөн бери тажиктер товарларды Өзбекстан менен сүйлөшүп, аларга сатып жатат. Өзбектерге пайдалуу экен, темир жолун да ачып койду. Мен мисалы, калп айтып жаткан жокмун, чек ара жабылган күндөн берки фактыны алсаң, салык төлөмдөрү кескин түрдө азайган. Айтор азыр коркутуу менен маселе чечилбейт. Ал замандан өткөнбүз. Биз дипломатия менен гана чечишибиз керек.

Жол кырсыктары боюнча маселе көтөрүп жүрдүңүз эле, жыйынтыгы барбы?

Бул да өтө чоң көйгөй, чечүү үчүн көптөгөн иштерди жасаш керек. Мисалы, бизде жолдор жана аны тейлөө начар. Техникалар жетишсиз. Жумушчулардын айлыгы аз. Айдоочулардын дагы стажы жетишпейт. Айдоочулук күбөлүктү берген мектептерге көзөмөл жок. Биз ушуларды айтып, чара көрүүнү өкмөткө сунуштаганбыз, тилекке каршы, жол кырсыгы боюнча өлүм кыскарган жок. Өтө көп болууда.

Саясатка келип, партия тандаганыңызды сурасак, не үчүн «Республика»?

Эң башкысы, лидерге карап келдим. Жаш, анан реформатор. Баарыңыздар көргөндөй, бир канча реформаларды жасады. Андан кийин эле программасын тандагам. Өтө жакшы жазылган. Ошондой эле «Жаңы адамдар, жаңы кадамдар» деген урааны бийик сезилди.

Сөзүңүзгө аралжы, бу Бабанов партиясына жалаң байларды чакырат, бей-бечарага эшиги жабык дешет. Демек сиз деле керегеңизден май тамган бизнесменсиз да, туурабы?

(Күлүп) Албетте, олигарх эмеспиз, орто жашагандардын катарындабыз. Бай десе, эл түрдүү түшүнөт да. Кудайга шүгүр, биз өкмөттү тоногон жокпуз. Бардыгы өзүнүн турмушуна тың балдар-кыздар. Элине, жерине жардам берген инсандар. Анан башка партиялардын айырмасы — бизде бир да чиновник болгон же коррупцияга шектелген депутат жок. Көбүнчөсү жаштар.

Сиз мамлекеттик кызматта иштегенсиз да?

Ооба, мен мамлекеттик кызматта иштегем, бирок жооптуу кызматты аркалаган жокмун, катардагы эле жумушчу катары 7 жыл иштедим.

Шоопур болгонуңуз дагы айтылып келет…

Ушундай ушак сөздөр чыккан, бирок мен шоопур болгон эмесмин. Саясатта эми ошондой сөздөр чыгып, кир оюндар жүрөт экен. Кээ бир көрө албастар муну атайын чыгарат экен да. Бул боюнча менин мурунку кайнатам (Темирбек Акматалиев) жообун берген, ал киши министр болгонго чейин эле мен күйөө баласы болгом. Кыскасы, мен шоопур болгон эмесмин.

Демек бизнесиңиздин гүлдөшү кайнатаңызга такыр байланышпайт?

Кайнатам менен менин өмүр таржымалымды карасаңыздар эле көзгө так тартылат, ал киши чиновник болгонго чейин эле мен чоң фирмаларда жетекчи болуп иштегем. Жеке өзүмдүн эмгегим менен ийгиликке жетиштим.

Ташиевди сатып кеткен «атажурчуларга» не дейсиз?

Биз «Республика – Ата Журт» деген бириккен партиянын атынан келдик, бизде бөлүнүү жок. Ташиев «мени менен кеткиле, болбосо отургула» деген. Өздөрү чечти.

Президенттик шайлоого Бабановду аттандыра турганыңар айтылууда, бул маалыматтын чындыгы барбы?

Биз жакында эле 28 депутат чогулуп жыйын куруп, Бабановду президенттикке талапкер катары аттандырдык. Баарыбыз батабызды бердик. «Республика – Ата Журт» партиясынан эми жалгыз талапкер катары Өмүрбек Бабанов чыгат.

Ошол жыйында Ташиевдин жакшылыгына түкүрө албаган бир депутат каршы чыкты деген сөздөр бар го?

Жок. Баары бир добуштан колдоду.

Кесиптешиңиз Саляновага иш козголду, мунун саясий боегу жокпу?

Мен ММКлардан угуп, көрүп жатам, фактылар айтылып жатат, мурдагы министрдин сөздөрү бар, күнөөлүү же күнөөкөр эместигин эми сот чечет. Депутаттар комиссия түзүү сунушун көтөрдү.

Учурда сиздин жүрөгүңүздү өйүткөн маселе барбы?

Элдин кыйынчылыгы жүрөк оорутат. Бирин айтсам, Бажы союзуна кирдик. Тилекке каршы, өкмөттүн чабалдыгынан дыйкандарыбыз, өндүрүшчүлөр кыйынчылыкка кабылып отурат. Ошол себептен быйыл бюджет да аткарылбай калды. Ушуга өтө өкүнөм. Бир топ убадалар берди, аткарылбай калды. Кытайдан келген товарлардын баасы көтөрүлүп кетти. Негизги себеби кризисте да жатат. Россияга санкция кирип, оор жагдай жаралды. Алардын ИДПсы түшүп кетти. Россиянын бюджети 137 миллиардга,  Казакстандыкы 2 миллиардга, Арменияныкы 1,7 миллиардга аткарылбай калыптыр. Азыр «Дордойдо» миңдеген контейнерлер жабылып жатат.

Мыйзам жазып жатасызбы, жеңил бекен?

Мыйзам жазууда көптөгөн талаптар бар экен, жеңил эмес экен. Биз ипотека боюнча мыйзам жаздык. 7 %дык кредитти экинчи окуудан өткөрдүк. Аймактарды өнүктүрүү боюнча айыл жерлерине ишкана куруучу ишкерлерге үч, беш, он жылдык салыктан бошотуу мыйзамды биринчи окуудан алып өттүк. Жыйынга катышпаган депутаттардын айлыгын 20 %дан 50 %га чейин кесүүнү сунуштадык, бул да биринчи окуудан өттү. Кыскасы, иш кылып жатабыз.

Сиздердин партия жергиликтүү шайлоолордо унаага болгон салык саясатын жеңилдетүүнү демилгелеген, бирок өкмөт тескерисинче көтөргөнү турат, буга не дейсиз?

Ооба, 3 кубдан жогору машинелердин салыгын көтөрүү боюнча мыйзам сунуштады. Байларга киргизилген салык деп жатат, бюджетке кошумча 180 миллион сом келет деген ниетти айтышууда. Бирок жалаң эле байлар эмес, 3 кубдан жогору жүк ташыган карапайым элдин унаалары бар, азыр кризис болуп жатканда салыгын көтөрсөк, элге чоң салык түйшүк жаратпайбы деген суроо туулууда. Бул маселе эми парламентте талкууланат.

Зулпукаар Сапанов

Булак:  Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: