АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн коопсуздугун бекемдөө үчүн иммиграциялык мыйзамды катаалдата турганын билдирди.
Андан сырткары ал ири каржы компанияларына карата Барак Обаманын администрациясы тарабынан киргизилген салыктарды төмөндөтө тургандыгын белгиледи. Трамптын айтымында, жаңы администрация бизнесин Кошмо Штаттардын сыртына чыгарып кетүүнү пландаган компаниялардын иштөө шарттарын кыйындатат.
Трамптын башкы максаттарынын арасында көптөгөн иш орундарын түзүү жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү чаралары бар. 26-январда ал мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда АКШ менен Мексиканын чегинде дубал куруу жана мыйзамсыз иммигранттар кармалбай жаткан шаарлар үчүн федералдык каржылоо көлөмүн азайтуу чаралары каралган. Өткөн жумада өлкөдө полициялык текшерүүлөр болуп, жарактуу документтери жок чет өлкөлүктөр кармалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ