Menu

Тажикстан менен Ооганстан элчилери коопсуздук маселелерин талкуулайт

Бөлүшүү:

Ооганстан ТИМ башчысы Салахуддин Раббани тажик кесиптешинин чакыруусу менен кийинки жумада Тажикстанга келет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн дипломаттары коопсуздук, экономикалык кызматташуу жана товарлардын транзити боюнча маселелерди талкуулашат.

Жыл башынан бери Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда бир нече дипломатиялык жаңжал чыгып, ортодогу алака солгундап кеткен. Өткөн жылдын соңунда Кундуздун мурдагы губернатору Умар Суфи жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде Тажикстанды «Талибан» менен кызматташууга айыптаган. Ал талиптер бузулган же согуш маалында тартып алынган танктар менен оор техникаларды Тажикстанга жөнөтөрүн, аларды орусиялык адистер оңдой тургандыктарын билдирген. Анын айтымында, кийин алар кайрадан Ооганстандагы талиптерге жиберилип турган.

Тажикстан ТИМи экс-губернатордун билдирүүсүн чагымчыл деп атап, ооган коомчулугунда Тажикстан тууралуу терс пикирлерди жаратууга багытталганын айткан.

Экинчи жаңжал Ооганстандын Орусиядагы элчисинин билдирүүсүнө байланыштуу болгон. Ал маектеринин биринде ооган аймагында маңзат сатуу менен алектенген тажикстандык кылмыштуу топтор бар экенин баса белгилеген. Орусияны болсо маңзат саткандарга көмөктөшүп жатат деп айыптаган. Анын мындай билдирүүсү Дүйшөмбү менен Москванын нааразчылыгын жараткан. Тажикстан ТИМи Кабулдан расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: