Menu

Улан Джумаков, адвокат: “Башкы прокурор Индира Жодубаеваны эртерээк мыйзам талаасына түшүүгө чакырабыз!”

Бөлүшүү:

Бийлик мыйзамдарды каалагандай калчай баштаганы күндөн күнгө айкын көрүнүп келет, атүгүл мыйзамдар алар үчүн иштебей калгандай…
Аида Саляновага кылмыш иши козголуп, ал иш боюнча тергөө учурунда «Елисеевге лицензиясын узартып берүүдө анын соттолгон же соттолбогону тууралуу справка талап кылынышы керек» деген доо коюлууда. 2017-жылы 18-январында юстиция министрлигине расмий суроо жөнөтүлгөн, анда биз 2005-жылдан 2010-жылдын 28-июнуна чейинки берилген адвокаттардын узартылган лицензияларынын так саны жөнүндө, токтотулган лицензияны узартуу үчүн соттолгону жөнүндө ИИМ дагы суроо-талап кылынары тууралуу юстиция министрлигинин расмий түшүндүрмөсүн билгибиз келген.
Бирок, азыркы күнгө чейин юстиция министрлигинен жооп ала албай келебиз. Көрсө, суралган маалыматтын көлөмү чоң болгондуктан, жооп даярдаганга жетишпей жатышыптыр. Суралган маалыматтын кайсы чоң көлөмү жөнүндө сөз болуп жатат, же юстиция министрлигинин бере турган жообу тергөө органдарына ылайык болбой жатабы? Ал эми аталган мекеме бир гана жоопту бере алат – лицензияны узартууда соттолгону жөнүндө справка талап кылынбайт! Биринчиден, бул мыйзамга ылайык, экинчиден, көп жылдык практика далилдеп турат. Биз бул боюнча лицензиясын узарткан адвокаттардан сураганыбызда, алар лицензия автоматтык түрдө узартыларын тастыкташты, соттолгону тууралуу справка эч качан талап кылынбайт экен.
Мындан тышкары, УКМК жана башкы прокуратура Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда юстиция министрлигинин 1999-жылдын 21-октябрындагы «Адвокаттын ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамдын 10-беренесине ылайык, «Елисеевден адвокаттык лицензиясын алып салуу демилгелиниши керек болчу» деп атышат. Бирок, УКМК менен башкы прокуратура адвокаттык лицензияны алып салууга негиз келтиришпейт. Ал учурда А. Елисеев адвокат болбостон, мамлекеттик кызматкер болгону тууралуу далил ачыктан-ачык эле тергөө тарабынан четке кагылууда.
Прокуратура Елисеев лицензиясын токтоткон учурда адвокат болгонун далил кылат. Тергөө көрсөткөн «Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Елисеевге карата колдонулса, анда ошол эле «Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине ылайык, адвокат Елисеевге кылмыш ишин бир гана башкы прокурор, ал жок болсо башкы прокурордун орун басары козгошу керек эле. Бирок, Елисеевге кылмыш ишин финполициянын, УКМКнын жана облустук прокуратуранын катардагы кызматкерлери козгошкон.
Мындайча айтканда, Елисеев бийлик каалаган учурда гана адвокат болот же болбой калат экен.
Ушундан улам, бул бийлик Елисеев менен сүйлөшүүгө баргандай шектенүү бар. Тергөө «Елисеевди ал учурда адвокат болгон» деп жаткан соң балким кийин сот да муну ырасташы мүмкүн. А.Салянова Елисеевдин адвокат катары мыйзамды бузгандыгы үчүн лицензия алып коюшу керек экен. Анда эле кийин Елисеев ага карата козголгон тергөө ишинен баштап, соттун чечимдерине чейин мыйзамсыз экенин далилдеп бергенге шарт түзүлөт.
Балким, А.Саляновага козголгон иш бийликтин Бакиев-Елисеевдер менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасы болуп жүрбөсүн, көп миллиондогон конфискациялар, анын ичинде «Мегаком» да бар, иштер боюнча сот чечимдерин бузууга мүмкүндүк берүүгө багытталган.
А.Саляновага каршы козголгон кылмыш иши жөн гана саясый куугунтук эмес, келечекте бийликтин өз пайдасына ылайыкташтырган иш катары саноого болот. Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны эртерээк мыйзам талаасына түшүүгө чакырабыз. Дал ушул башкы прокурордун аракетинде кызматтык кылмыштын бардык түрү жатат, өзгөчө Елисеевдин иши боюнча кийин ал сот чечимдерин жокко чыгарууга толук негиз берип жатканы айдан ачык.
Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: