Menu

Мээрбек Мискенбаев, СДПКчы экс-депутат: “Текебаев революцияны жаман атка калтырды, биз Текебаевди жана бүтүндөй Убактылуу өкмөттү жоопко тартууну талап кылабыз”

Бөлүшүү:

Апрель революциясынын баатырлары депутат Текебаевди камактан бошотпоо жана жоопкерчиликке тартуу талабы менен митингге чыгууну көздөп жатат.

Биз азыр “Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” коомдук бирикмелери менен бирдикте Апрель революциясынын баатырлары митингге даярданып жатабыз. Анда биз Революциянын беделин түшүрүп, уятка калтырган Текебаев мыйзам алдында жооп берип, жоопкерчиликке тартылышын талап кылабыз. Ал саясатчы эмес, жеке өзүнүн жүрүш-турушу менен революциянын атын булгап, жаман атка калтырды. Мындай кишилер саясаттан кетпесе Кыргызстан өсүп-өнүкпөйт.

Текебаевдин Апрель революциясына эч кандай тиешеси жок, ошондуктан Апрель революциясынын атын атап оозанганга анын моралдык укугу да жок.

2010-жылы Текебаев Апрель революциясына эч кандай жардам кылбаган. Ал революцияга чыккан эмес, эл чыккан. Текебаев эч кандай салым кошпогон. Текебаевдин революциянын алдында эч кандай сиңирген эмгеги жок. Менин эсимде, биз Текебаевди ошондо УКМКдан абактан алып чыкканда ал мени атып салат деп аянтка баргандан коркуп ыйлаган.

Биз бүгүн Роза Отунбаеванын митингге барып, аны колдоп сүйлөгөнүнө өтө өкүндүк. Эми биз Текебаевди жана бүтүндөй Убактылуу өкмөттү жоопко тартуу талабы менен чыгабыз. Биз аларды бийликке алып келген элек, бирок алар 6 жылда биздин үмүттөрүбүздү акташкан жок. Бүгүн Текебаевди колдоп митингге чыккандар коррупционерлер менен аферисттер. Биз Текебаевдин абактан чыгарылбашын талап кылабыз. Аны түрмөгө олтургузуш керек.

Мээрбек Мискенбаев, СДПКчы экс-депутат, Апрель Баатыры

Булак: АКИпресс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: