Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндө боюнун бийиктиги 2 метрге жеткен 400 даана арча отургузулду. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык көрктөндүрү, жашылдандыруу департаментинин башкы агроному Канат Жолдошбаев билдирди.
Анын айтымында, шаардын борбордук көчөлөрүндө жашылдандыруу иштери кызуу башталып, ал жерге арчанын көчөттөрү отургузулуп жатат.
“Биз 240 миң сомдук тендер жарыялап, аны 160 миң сомго “Азро-групп” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды жана 400 даана арча алып келинди. Биз азыртадан эле шаарды көрккө келтирүү үчүн ар тараптуу иш алып барабыз, азыркы учурда борбордук Ленин көчөсүндө биринчи жолу арча эгилип жатат. Албетте, бул саамалык шаарыбыздын көркүн арттырып, шаарга келген конокторго жакшы маанай тартуулайт. Ушундай эле иштер шаардын Жусупбек Бакиев, Эркиндик көчөлөрүндө да жүрмөкчү” – дейт ал.
Эскерте кетсек, борбордук Ленин көчөсү өткөн жылы 11 метрден 22 метрге чейин кеңейтилген жана жарыктандырылган, тратуарлар курулуп, шаардыктар үчүн жакшы шарттар жаратылган. Эми быйылкы жылы аны жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери улантылмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ