Menu

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып кеткен, кышта зыяны тийбейби?

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин карашты. Анда Токтогул суу сактагычындагы маселе каралып, учурдагы жагдайы айтылды.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын жетекчиси Айтмамат Назаровдун айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард кубометрди түзөт. Былтыркыга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард кубометрге аз, бирок, күз-кыш мезгилдери үчүн жетиштүү эле көлөм.  Бир катар гидроэлектростанцияларда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери күз-кыш мезгилинен өтүүгө таасир этпейт.

“Кыштан аман-эсен чыгабыз, суу көлөмү жетиштүү эле”,-деген жетекчи А.Назаровдун сөзүнө ишене туралы. Себеби, Кыргызстандын энергетикасынын абалы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жараша болот. Эгер суу азайып кетсе, анда тармак кризиске учурап, социалдык маселелерден саясий-экономикалык маселелерге чейин көйгөй пайда кылат. 2013-жылдан бери эле Кыргызстан ушундай көйгөй менен жашап келатат.

   Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: