Menu

Маматкадыр Акматов, илимпоз-изилдөөчү: “

Бөлүшүү:

элди эзип, маданий кулга айланткан системаны биздин эл эзелтен кабыл алган эмес!

 

Кыргызстан учурда эң кыйын күндөрдү башынан кечирүүдө. Мамлекетти өнүктүрөт деген «кыйындарыбыз» 25 жылда аны сазга батырып, өнүгүү деңгээлибиз боюнча 15 союз республикалардан эң акыркы орунга, ал эми дүйнө жүзүндө 142-орунга түшүп, «банан» мамлекеттерден да артта калдык. Ошондон улам «кыйындарга» ишенген өлкөбүз «Энеме ишенип, эрсиз калдым!» деген кыздын арманындай оор абалга түшүп калды!

Анткени өлкөдө төрөлгөндөн баштап Ак үйгө чейин кеңири орун алган коррупция, паракорлук, жемкорлук ж. б. терс көрүнүштөр болуп көрбөгөндөй күч алып, шалаакы чиновниктер жалпы өлкөнү тез эле паракорлор өлкөсүнө айлантып салышты. Ал эми эл болуп көрбөгөндөй жакыр абалга кептелгени менен, өлкөбүздүн шылуун байлары 7 триллион сомду, же мамлекеттин 55 жылдык бюджетине жетээрлик байлыкты көмүскөдө катып отурушат (Ата-журт партиясынан бай депутат Нарынбек Молдобаевдин маалыматы 2014-ж).

Өлкөнүн «каймактары» чейрек кылымда өз кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, мамлекетти бечара кылып коюшту. Ошентип Кыргызстандын «жеп-жутарлары» өздөрүнө эбегейсиз байлык топтоо үчүн болгонун талап-тоной берип, өлкөбүз мышык ыйлай турган абалда. Өлкөдө саясий-экономикалык оор абал пайда болгону менен шылуундардын байышына эң ыңгайлуу шарт түзүлүп, кайра-кайра болуп жаткан революциялар менен тополоңдор алардын арам иштерин жашырып, акчаларын катып алууга, олигархтардын тез көбөйүшүнө өбөлгө түздү. Болгону, кимиси бийлик алса, анысы көбүрөөк, бийлик алалбаганы элди азыраак тоношту!

Ал эми олигархтардын бекитип жаткан акчасынын 100 дөн бир бөлүгү, же бир байдын эле бекиткен акчасы мамлекеттин өнүгүүсү үчүн салынган болсо, анда өлкө ыкчам өнүгүп кетмек. Бирок бийликтегилер менен оппозициядагы эл «каймактарынан» эч кимиси өлкөнү өнүктүрүүнүн анык программасын сунуштай албай, өлкөнү өнүктүрүү колунан келбей, өз чөнтөктөрү үчүн гана иштеп, өздөрүн президент болуу укугунан, эл ишениминен таптакыр чыгарып алышты!

Тагдырдын тамашасын караңыз, биздин бир байдын колунда көмүскөдө каткан акчасы эле республикабыздын бир жылдык бюджетине жетип ашса, ал байлыктарды олигархтар үчүн Союз учурунда иштеп, жаратып берген пенсионерлердин пенсиясы болгону айына 50 долларды араң түзөт. Бирок Кудай адамга материалдык байлыкты аябай бергени менен, же жан дүйнө байлыгынан, же ден-соолуктан, же тынчтык менен келечектен аксатып, бактысыз кылып койгондугун баамдайсыз…

Элибиз эзелтен адилеттүү, кайрымдуу, колу ачык болуп, убал-соопту мыкты билген, ал эми байларыбыз байлыгын элине иштетип, тең көрүп келген. Атурсун каатчылык заманда да бир мергенчи бир айылды милдет кылбай эле жалгыз өзү багып, ачарчылыктан куткарып келген го. Ошондуктан элди бир ууч шылуундар эзип, маданий кулга айланткан системаны биздин эл эзелтен кабыл алган эмес жана кабыл албайт да!

Кызык жери миллиарддаган акчаларын «ишеничтүү» дүйнөлүк банктарда сактаган биздин шылуундар акчасын эч качан кайтарып ала албайт. Анткени банктар салган акчанын мыйзамдуу табылганын далилдөө шылтоосу менен акчаны аларга жана мураскорлоруна кайтарып бербейт. Албетте чай-чакага, майда-барат иштерге акча берип, алаксытып турат. Жана да долларды жок кылуу аркылуу «дүйнөнүн кожоюндары» дүйнөдөгү шылуундар менен байларды жапырт сызга отургузмакчы. Демек «дүйнөлүк кыйындарга» биздин шылуундардын жем болгону, капканга түшкөнү ушул! Ишенбесеңиз Гүлнара Каримова ж. б. шылуундардын акчасы кайда калганын окуп алсаңыз болот.

Ал эми азыркы биздин 200дөй элитанын колуна Кыргызстанды башкарууну бергенибизге 25 жыл болду. Бирок элита 25 жылдан бери элди тоногондон башка иш аткарган жок! Ал эми элитадан бирөө жарымы мамлекет үчүн же акчасын, же жөндөмүн иштетип баштаганда, калгандары да аны туурап өлкө оңолуп кетмек. Бирок «элитадан» эч кимиси напсисин тыйып, өзү билбесе жөндөмдүү инсандарды ишке тартып, өлкөнү өнүктүрө албады. Аны байкаган бир «кыйыныбыз» «элита өлдү» деп аларга таамай баа берди! Ошентип саясий өлүккө айланган элита эл тарабынан эртеби, кечпи саясий аренадан сүрүлүп ташталышы анык. Демек өлкөдөгү президент болом дегендерден эч кимиси өлкөнү өнүктүрүп, башкарууга жарай албады!

Эми маанилүүсү эл өзү ойгонуп, шайлоодо «карга-кузгунга» жем болуп, добушун сатпай, башкаруу бийлигине Кудай деген, жан дүйнөсү таза, эли-жери үчүн каны-жанын аябаган билимдүү, жөндөмдүү адамдарды шайлап алуусу милдет! Андай жетекчи ар бир инсандын жана элинин кадырына жете турган, аларды азиздеп, өлкөнү өнүктүрүп кете ала турган адам болушу абзел.

Тилекке жараша башкаруу бийлигине татыктуу атуулдарыбыз өлкөдөгү арамдыктан жийиркенип, өздөрүн өлкө ичинде жана сыртында таза сактап келатышат. Демек али да болсо таза иштеп, таза жашап, өз эмгеги менен ийгиликтерге жетип, өнүккөн мамлекеттерден билим алып, иш үйрөнүп, «кыйындарга» жол берип, билинбей жүргөн жөндөмдүү инсандарыбыз өлкөдө толтура. Алар өлкөнү руханий-экономикалык тең салмактуу өнүктүрүүнүн так программасын иштеп чыгып, өлкөнү өнүктүрүүгө шай болуп турушат.

Алар ак эмгеги менен ирденип, элин багып, элине жардам берип келе жатышат. Мисалы элибиздин ишке жарактуу бөлүгүнүн жарымы – 1 миллиондон ашуун мигранттар чет элде иштеп, мекенине жылына 4 миллиард долларга чейин каражат жөнөтүп, өлкөнүн экономикасын стабилдүү кармап келүүдө. Алар болбогондо жашоо каражатсыз калган эл бийликти кайра-кайра кууп сала берип, революциялардан башыбыз чыкмак эмес. Бирок 25 жылда бир да жетекчи элди багып келген мигранттардын эмгегин баалап, өлкөнүн саясий-экономикалык турмушуна, шайлоого катыштырган жок.

Ошондуктан азыркы иш билбес, жеп тойбос алгыр-байлардан эл өзү баш тартып, жаңы адамдарды, айрыкча мигранттарды бийликке алып келмейинче мамлекеттин оңолуп кетээри күмөн. Анткени таза адамдар өзүнө караганда элин, мекенин биринчи орунга коюп үйрөнгөн. Демек иш билги таза адамдарды башкаруу бийлигине тартуу учурдун талабы. Эми элди 25 жыл бою багып келген мигранттарга мамлекетти оңдоону ишенип тапшырууга болот. Алар өндүрүштү иштетип, элге жетээрлик иш орундарын түзүп, өлкөнү өнүктүрө алат. Ал эми биздин таза адамдар менен мигранттардан түзүлгөн иш билги жетекчилер бийликке келсе, өнүгүүнүн туура жолуна түшүшүбүз шексиз.

Россия таланып-тонолуп, талкаланып, ыдырап кетүү коркунучуна кептелгенде, анын президенттигине күтүүсүздөн Путин В. В. келип, өлкөсүн дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекетке айлантты! Азыр эми Россия дүйнөнү каптаган жамандыктардан адамзатты куткаруу үстүндө иштеп жатат. Балким Жараткан кыргыздын Путинин бизге да сак-сактап тургандыр! Элибизди бириктирип, өнүктүрүп кетүүчү болочок эл башчыбыз даяр болуп калгандыр! Эмнеси болсо да Кудай бизге Путин сыяктуу чыгаан жол башчыны тезирээк жөнөтсө экен!

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: