Кыргызстанда президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, шайлоо эки-үч айга жылдырылышы мүмкүн.
“Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору ЖКга берилген, бирок мен өзүм көрө элекмин. Бүгүн биз шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карайбыз. Биринчи окууда кабыл алынды, бүгүн фракциялар, комитеттер карайт, андан кийин парламенттин талкуусуна коёбуз”, – деди Алтынбек Сулайманов.
Кечээ Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алды. 83 депутат добуш берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ