Menu

Ноокен районунда социалдык мектептин пайдубалына капсула салынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27- февралда Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагында 168 орунга эсептелген райондук социалдык мектептин пайдубалынын курулушуна арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ноокен районунун басма сөз катчысы маалымдады.

Аталган бул мектептин курулушун толук бойдон Кувейт мамлекетинен келген “Ас-Саллам” коомдук фондунун инвестициялык колдоосу аркасында ишке ашырылат. Жалпысынан 168 орунга эсептелген райондук социалдык мектеп негизинен жатак тибинде болуп, бул мектепте райондун аймагындагы мыкты окуган окуучулар, томолой жетим балдар жана социалдык коргоого муктаж болушкан үй-бүлөлөрдүн балдары таалим-тарбия жана билим алышат. Аталган мектеп 7 айдын ичинде толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи. Ноокен районундагы социалдык мектептин курулушунун пайдубалына символикалуу капсула салуу иш-чарасына райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Масы айыл аймагынын жашоочулары менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

– Кувейт өлкөсүнөн келишкен “Ас-Саллам” коомдук фонду Жалал-Абад областына инвестициялык каражаттарды жумшоо жолу менен ооруканаларды жана мектептерди курууга жакындан көмөк көрсөтүп келе жатышат. Алар бизге мектеп куруп берүү демилгеси менен чыгышканда Ноокен районун сунуш кылганбыз. Социалдык багыттагы бул мектептин ашканасы, жатаканасы жана спорт залы толугу менен ичинде болуп, билим берүү очогу комплекстүү негизде курулат. Жалпы элибиздин атынан “Ас-Саллам” коомдук фондусунун жетекчилигине ушундай демилгелүү иштерине терең ыраазычылык билдиребиз,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Мектептин курулушунун пайдубалын баштоого арналган иш-чарада Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев, Кувейт мамлекетинин “Ас-Саллам” коомдук фондусунун төрагасы Нурмухамед Миңбаев саамалыктуу демилгенин ийгиликтүү ишке ашаарына терең ишенгендиктерин билдиришти. Ал эми Ноокен районунун имамы Ашым Абидинов элдин атынан инвесторлорго ак батасын берди.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев баштаган областтык жана райондук жетекчилер, кадырман аксакалдар жана коомчулуктун өкүлдөрү жаңыдан курула баштаган мектептин пайдубалына символикалуу капсуланы салышып, курулуштун пайдубалына алгачкы цемент аралашмасын ташташып, ишти салтанаттуу майрамдык маанайда баштап беришти.

Ноокен районунун борбору болгон Масы айылындагы жаңыдан курулушу башталган социалдык мектептин курулушуна кетүүчү каражатты Кувейт мамлекетинин “Ас-Саллам” коомдук фондусу 500 миң АКШы долларын, же 450 млн. сомду толугу менен өздөрү каржыламакчы. Мектептин курулушуна Масы айыл аймагы тарабынан 1га. 60 сотых жер аянты ажыратылып берилди. Келечекте мектептин жанына балдар бакчасынын курулушу дагы мерчемделген. Бүгүнкү күндө Ноокен районунун борбору болгон Масы айыл аймагында 23 миңден ашуун калк жашайт. Масы айыл аймагында 7 орто мектеп жана 7 балдар бакчасы иштеп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: