Menu

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Мурзабек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-февралда, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, ССРдин жана Кыргыз ССРнин илимдер академияларынын мүчө-корреспонденти Мурзабек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Калыкбек Султанов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, Казакстандын илимдер академиясынын математика институтунун директору Тыныспек Калманов, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин жалпы жамааты, студенттер жана жакын туугандары катышты.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Мурзабек Иманалиевдин ишмердүүлүгү, анын математика илими үчүн актуалдуу болгон теориялары илимге кошкон чоң салымы экендигин белгиледи.

«Мурзамбек Иманалиев 70тен ашык илимий кандидаттарды-докторлорду даярдаган. Азыр алар мурунку СССРдин бардык мамлекеттеринде жана жакынкы чет мамлектетерде ийгиликтүү эмгектенип жатат»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: