Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” лидери Мухиддин Кабиринин төрт жаштагы небереси Хамза Тиллозода апасы менен чет өлкөгө чыгып, дарыланууга уруксат алды.
Эне-бала 1-августта Душанбеде чет паспорт алды. Эми онкологиялык ооруга чалдыккан наристе башка мамлекетте дарылана алат.
Кабиринин туугандарынын айтымында, Тажикстан бийлиги үч жыл мурун Хамзанын апасы Мижгона Зайниддинованын паспортун алып койгон. Бирок Мижгона бул маалыматты четке кагып, документтерин жоготуп алганын билдирген.
Эки жыл мурун дарыгерлер Хамзадан эмбрионалдык карционома табышкан. Душанбедеги онкологиялык борбордо ага операция жасалган, бирок оору өөрчүп кеткен. Баланын апасы Хамзанын өмүрүн чет өлкөлүк дарыгерлер сактап калат деп ишенүүдө.
Ошол эле маалда Саламаттык сактоо министрлиги Хамзанын оорусу өтүшүп кеткенин, чет өлкөдө дартка дабаа табуу кыйын болорун билдирүүдө.
Хамза (Ибрагим) Тиллозода – “Ислам кайра жаралуу партиясынын” лидери Мухиддин Кабиринин небереси. Баланын атасы – Рухулло Тиллозода коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин Европага качып кеткен. Тажик бийлиги Рухулло Тиллозоданы атасынын көрсөтмөсү менен Абдухалим Назарзодага 1,2 миллион доллар берген деп айыптоодо.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ