Ашхабадда түрк оппозиционери менен байланышы бар делген ишкер Довлет Атаевдин “А-Маркет” аттуу соода борбору жабылды. Бизнесмен болсо февралдын башында 25 жылга түрмөгө кесилген.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 300 чарчы метр аянтты ээлген супермаркет 25-февралда жабылып, эшиктерине мөөр басылган. Айрым маалыматтар боюнча соода борборунда 50дөй киши иштечү.
Түркмөнстанда 8-9-февраль күндөрү түрк оппозиционерине байланышы бар деген айып менен жалпысынан 30дай киши, алардын ичинде соода жана ресторан түйүндөрүнүн ээлери соттолушкан.
Былтыр жайында Түркмөнстанда түркмөн-түрк лицейлери жана Түркмөн-түрк университети жабылган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ