Menu

Филипп Киркоровдун концерти кыргыз тилин жеригендерге сабак болду

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Кыргыз­стандын шоу турмушунда чон жаңылык болду. Анткени көптөн бери пландаштырылган орус эстрадасынын жылдызы Филипп Киркоров Бишкекке келип, өз күйөрмандарынын кумарын жазып кетти. Ага билет баасы 3 минден 15 мин сомго чейин болгондугуна карабай Кожомкул атындагы спорт сарайы толду. Көрсө, жаштарыбыз ушундай маданий иш чарага суусап калган турбайбы. Милиция кызматкерлери да коопсуздук чараларын көрүп, жолдорду тосуп, каттуу текшерип киргизишти. Ф.Киркоров алгач Ала-Арча капчыгайында эс алып, ал жерде түшкөң сүрөттөрүн “Инстаграмм” социалдык түйүнүнө жарыялашы бир чети кереметтүү кыргыз жерин жарнамалоо болду. Ал эми эки жарым сааттык концертин кыргыз тилинде баштагандыгы көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүп койду. Демек, чоң мегаполис Москвадан келген дүйнөлү денгээлдеги ырчы Кыргызстан мамлекети менен кыргыз тилин сыйлайт экен. Бир чети анын элибизге сый-урматы өзүбүздүн эле кыргыз тилин жериген “киргиз” балдар-кыздарыбызга сабак болду. Өзгөчө бүтүндөй бир айылды Түркиянын жүк ташуучу учагы басып калып, 39 адамдын өмүрү кыйылып, жалпы элибиз кан жутуп турганда түндүк- түштүккө бөлгөн трайбалисттер менен Кыргызстанда жашагасы келбеген кыздарыбыз үчүн.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: