Тажикстан президентинин тун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рустам Эмомали шаардык мажлистин депутаттыгына талапкер болду. Аны өлкөнүн Элдик-демкоратиялык партиясы көрсөттү.
Рустам Эмомалинин атаандаштары –Агрардык партиядан Фазлиддин Икромов жана демократтардан Хикматулло Саидиён. Аларга саясий жарыш өтө оор болору маалым. “Рустам Эмомали күчтүү атаандаш – ал президенттин уулу жана шаардык администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу. Жеңиш мен үчүн анчалык деле маанилүү эмес, мен элдер мага канчалык деңгээлде ишенерин гана көргүм келет”, – деди Хикматулло Саидиён.
Шаардык мажлистин №25 шайлоо округу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2-апрелде өтөт.
Тажикстандын Конституциясына ылайык, бардык облус, шаар жана райондук администрациянын башчылары жергиликтүү мажлистин депутаты болушу керек. Шаардык мажлисте жеңишке жетишкенде гана Рустам Эмомалиден “милдетин аткаруучу” деген макам алынып салынат.
Тажикстан президенти уулун 12-декабрда Дүйшөмбү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ