Казакстандын мамлекеттик маалымат саясатын жүргүзүү үчүн былтыр 48 миллиард тенге (150 миллион доллардан жогору) коротулган.
“Укуктук медиа-борбор” коомдук фонду ММКларды мамлекет тарабынан каржылоо боюнча өткөн жыйында акыркы сегиз жылдагы маалыматтарды сунуштады.
Маалыматтарга караганда, Казакстанда жыл сайын он ММК мамлекеттик тапшырманын негизинде каражат алат, бирок акчаларды бөлүштүрүүдө эч кандай сынак жүргүзүлбөйт. Маалыматтык саясат үчүн 2015-жыл эң көп каражат – 42 миллирд тенге бөлүнгөн. Былтыр бул сумма 41 миллиардды түзгөн. 2017-жыл үчүн 36 миллиард теңге каралган.
Жыйында республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка мамлекеттин кадыр-баркын көтөрө турган позитивдүү материалдар даярдалганы айтылды. Бирок чыгашалардын натыйжалуулугун баалоо боюнча атайын критерийлер жок экени баса белгиленди.
Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү бул көйгөй туралуу кабардар экенин жана аткаминерлердин атагын чыгаруу менен алектенбегендиктерин айтышты. Чиновниктер мамлекеттик маалымат саясатын каржылоону жакшыртып, он кишиден турган кеңеш түзүү ниетинде. Кеңеш кайсы ММКга канча каражат бөлүү керектиги боюнча сунуштарды берет.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ