Menu

Өмүрбек Бабанов: “Баардык унаа ээлерине бирдей, калыс, ыӊгайлуу шарттарды түзүү керек”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын 3-марттагы кезектеги жыйынында депутаттар тобу тарабынан автотранспорт каражаттарынын ээлери тарабынан төлөнө турган салыкты жоюу менен, аны күйүүчү-майлоочу материалдарды берүүчүлөр тарабынан алынуучу акциз салыгына которуу максатында иштелип чыккан “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору колдоого ээ болду. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Демилгечилер белгилегендей, учурда колдонулуп жаткан автоунаа салыгынын пайдасы өтө аз жана жарандарга да ыӊгайсыз. Тагыраагы, Кыргызстанда катталган 1 млн 15 миӊ 352 унаанын 23 пайызы кандайдыр бир себептерден улам төлөбөй келет. Ага кошумча, 10 миӊден ашуун унаага 50 пайыздык жеӊилдиктер берилген. Ошондон улам, салык толук чогултулбай, 2013-жылы 615 млн сом, 2014-жылы 670 млн сом, 2015-жылы 689 млн сомдун тегерегинде гана акча түшкөн. Андан тышкары, аталган салыкты чогултуу үчүн төрт мекеме (Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана жол патрулдук милициясы) иш алып барып, алардын киришесинен чыгымы көп. Салык төлөгөндүгүн тастыктаган чаптама айдоочуларга бекер берилип, ага жыл сайын эки жарым миллион сомдой каражат кетет.

Демилгечилердин бири, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов жаӊы киргизилип жаткан салык түрүнүн төмөндөгүдөй пайдаларын мисал келтирип: “Мыйзам долбоору аркылуу баардык унаа ээлерине бирдей, калыс, ыӊгайлуу шарттар түзүлөт. Башкача айтканда, унааӊ үчүн эмес, айдаганыӊ үчүн салык төлөйсүӊ. Колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык, айдабасаӊ да унааӊ үчүн салык төлөшүӊ керек. Ошондой эле, салык жыйноо жеӊилдеп, коррупциялык жагдайлар азаят”, – деди.

Экономика министри Арзыбек Кожошев такташтырып чыга турган бир катар себептер бар экенин белгилеп, жаӊы мыйзам долбооруна карата пикирин жакынкы аралыкта билдирерин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: