Бүгүн Гаага сотунда Украинанын Орусияга каршы январдын ортосунда жолдогон доо арызы боюнча угуулар өтөт. Киев соттон Москваны Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөтүүсүн токтотууга милдеттендирүүнү өтүнүүдө. Бул иш боюнча Гаага сотундагы териштирүүлөр бир канча жылга чейин созулушу мүмкүн.
Гаага сотунун чечими акыркы болгонуна карабастан аны аткарууну камсыздоо механизмдери жок. Киев Орусияны Украинанын чыгышындагы жана Крымдагы бир катар топторду колдоо аркылуу БУУнун терроризмди каржылоого каршы аракеттерди көрүү конвенциясын бузууда деп айыптоодо.
Москва Крымды 2014-жылы аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп келет. Куралдуу кагылышуулар башталган 2014-жылдын мартынан бери 9 750дөн ашык киши курман болгон.
Кремль Украинанын чыгышына аскерлерин жана согуштук техникаларын жөнөткөндүгү тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.
Москванын Украинадагы окуяларга кийлигишкендиги үчүн ага карата Кошмо Штаттар жана башка батыш өлкөлөрү экономикалык санкцияларды киргизген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ