Menu

Трамп иммиграция боюнча жаңы жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн алты өлкөнүн жарандарынын Кошмо Штаттардын аймагына кирүүсүнө убактылуу тыюу салган жаңы жарлыкка кол койду. Биринчи жарлыгы Конституцияга каршы келет деген жүйө менен федералдык сот тарабынан жокко чыгарылган.

Акүй Тармптын жарлыкка 6-мартта кол койгонун ырастады. Ага ылайык, Иран, Сирия, Судан, Ливия, Сомали жана Йемендин жарандарына жаңы визаларды берүү 90 күнгө токтотулду. Бирок алар буга чейин алууга үлгүргөн жарактуу визалары менен пайдалана беришет. 16-мартта күчүнө кире турган жаңы жарлык качкындарды кабыл алуу программасын да 120 күнгө токтотот.

Трамп 27-январда кол койгон алгачкы жарлыкта жогоруда айтылган алты өлкөнүн жана Ирактын жарандарынын АКШга кирүүсүнө 90 күнгө тыюу салуу каралган. Бирок жаңы жарлык Ирактын жарандарына жаңы визаларды берүүгө тыюу салбайт. Мындай эреже аталган алты өлкөдөн келип, АКШда туруктуу жашап калган адамдарга да тийиштүү.

Трамп жарлыкта каралган тыюу салуулар өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл экенин айтып келет. Сынчылар болсо аны адамдарды динине карап басмырлоодо деп айыпташууда.

Сиэтл (Вашингтон штаты) федералдык соту жергиликтүү бийликтин доо арызын карап чыгып, февралда президенттик жарлыктын аткарылышына убактылуу тыюу киргизген. Ал чечим боюнча Юстиция министрлиги апелляция берген, бирок өтүнүч четке кагылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: